Ноокат районунун Байыш айылынын бала бакчасына дагы үч бөлмөлүү бала бакча уланды. Буга чейин орун жетишпегендиктен улам бакчага балдарын бере албаган ата-энелер бар болчу.
Бул бала бакча былтыр салына баштаган. Бакча үчүн жарым млн сом утуп алышып, орун жетишпегендигине байланыштуу дагы үч бөлмөлүү бала бакча салып жатышат. Учурда имараттын ички иштери бүтүп, сырты жасалууда.

Кошумча бала бакча чоң тайпаларда тарбияланган балдар үчүн салынды.

Тарбиячы Жыпаргүл Тайирова «бул бала бакчанын түшкөнү абдан жакшы болду. Анткени орундар жетишпейт болчу. Азыр да жетишпейт, мамлекет жардам берсе алабыз» деп билдирди.

Бакчаны кеңейтүү иштерине тартылган уста Азат Нурдин уулунун айтымында, үч күндөн бери курулуш иштери жүрүп жатат. «Учурда сыртын кооздоп жатабыз. Ичи дээрлик бүттү. 1-2 күн ичинде иштер толугу менен бүтөтөт», — деди ал.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы