Ноокат районунун Жаңы Базар айылындагы Ломоносов мектебинде жаңы асердик класстар ачылды. Аскердик класс ачылгандан баштап окуучулардын ийгиликтери да көбөйүүдө.
Аскердик класстар ачылгандан баштап 10-11-класстардын окуучулары спортко көп басым жасашып, ар кандай ийримдерге катышып жатышат.


11-классынын окуучусу Темирлан Сулайманов эркин күрөш боюнча Кыргызстандан биринчиликти алып, жакында Азияга аттанып жаткан учуру.

Окуучулардын ийгиликтерине кубанып, бардык шарттарды түзүп берели деп ысык жана муздак сууларды чыгарып, дааратканаларды да ачып жатышат.

Тарбиялык иштер боюнча жооптуу мугалими Зууракан Кайназарова «аскердик класстар ачылганы окуучуларга дем күч берүүдө» деп айтып өттү.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы