Ноокат районунун Жаңы Базар айылындагы Ломоносов мектебинде жаңы орус класс ачылды.
Орус класс быйыл ачылып, ага жалпы 34 окуучу кабыл алынган. Мектеп жетекчилигинен орус класстарды дагы да көбөйтүүнүн жолун издештирип жатканын айтты.



Мектеп директору Айнура Зулунова өзү да бул орус класстын окуучуларына сабак берет. «Класста кыргызча сүйлөбөөгө аракет жасашат. Окуучулар да абдан мыкты. Орус классты көбөйтөлү деп жатабыз. Азыр окуучуларыбыз көп жетишкендиктерге жетишип жатышат», — деп айтып өттү Зулунова.

Даярдаган: Нуриза Калил кызы