Бүгүн Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “Ыйман, адеп жана маданият жылына” жана Элдик революциянын 7 жылдыгына карата “Туугандуу бийде ыйман жок” жана “От тамган онунчу жыл” аттуу поэзия кечеси болду.
Кечени райондук китепкананын кызматкерлери уюштуруп, ага эмгек ардагерлери, окуучулар жана мугалимдер катышты.

А.Кулназаров атындагы китепкананын директору Замира Жээнбаева Элдик революция тууралуу маалымат берди.
![IMG-20170406-WA0014[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/04/IMG-20170406-WA00141.jpg)
Андан соң башкы китепканачы Гүлзат Өмүралиева аталган датага байланыштуу чыккан китептер, журналдагы макалалар тууралуу баяндама жасап, “Эл бакубат жашоо үчүн сөзсүз революция керекпи? Ал кандай жетишкендиктерди берди?” деген суроонун тегерегинде окурмандар менен ой бөлүшүү болду.
![IMG-20170406-WA0013[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2017/04/IMG-20170406-WA00131.jpg)
Китепкана директору З.Жээнбаева:
— Элдик баатырларды эскерүү менен ар бир кыргыз атуулу өз мекенин татыктуу коргой аларын дагы бир жолу далилдедик.

Кечеде “Бүчүр” поэзия ийриминин мүчөлөрүнүн ырлары окулду.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза