Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында жашоочулар, окуучулар жана мугалимдер жазга карата ишембилик өткөрүшүп, көчөлөрдү, мекемелерди таштандылардан тазалашты.


Байымбет атындагы орто мектебинин мугалими Мээрим Кулманбетова:
— Учурда айыл боюнча жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Мына ошого байланыштуу айылдын жашоочулары ишембиликке чыгышты. Мындай иштерден мектеп да калбай окуучулар менен бирге мектептин айланасын тазалап, андан соң көчөлөрдү тазалоого жардам бердик. Бул бир чети окуучуларды эмгекке тарбиялоо болуп саналат.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира