Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Чынар Турдубаеванын кесиби финансист болгону менен акыркы 20 жылдан бери Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасында көзөмөлдөөчү(контролер) болуп келишимдик негизде эмгектенип келет.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун алкагында Нарын облусундагы жаңы айыл өкмөттөр менен кызматташуусунун бет ачарын …
Учурдагы курч кармаган респиратордук инфекциядан түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде массалык спорттук жана маданий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү токтотулду.
Акталаа районунда АИВ-инфекциясын эрте табуу, аялдар жана балдар арасында илдеттин жаңы учурларын алдын алуу, өлүмгө дуушар болуу санын кыскартуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир айлык жарыяланып, бир катар …
Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун СПИД бөлүмүндө учурда аталган илдет менен 22 бейтап каттоодо турат. Алардын бардыгы райондун аймагында туруктуу жашабаганы менен дарыгерлер байланышта болуп турушат. Бөлүмдун дарыгери Махсальмина …
Малдын чакалай оорусу– трихофития (Trichophyton) уруусуна кирген мите козу карындар козгогон жугуштуу ылаң. Териде ар кандай формада кездешип, бозомтук түстөгү, чекелерин карттантып, какачтардан турат. Бул ооруну алдын алуу үчүн малдын …
Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда психикалык жактан жабыркаган 269 жаран каттоодо турат. Булардын ичинде акыл-эси кем балдар, эпилепсиясы бар жарандар бар. Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы психикалык кабинеттин дарыгери …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 131 үй-бүлөдө ички жана сырткы мигранттын 253 баласы тарбияланууда. Мунун ичинен 77си сырткы, ал эми 176 бала ички мигранттын балдары болуп саналат. Бул категорияда турган балдар …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салттуу түрдө белгиленүүчү 7-11 класстар арасында күз майрамы болду. Иш- чаранын жобосуна ылайык ар бир класстын окуучулары нандын, салаттын түрлөрүн даярдашып, жемиштерден жасалган …
Ак-Талаа районундагы он бир орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын 100дөн ашык окуучусу Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүндө болуп, «Ачык эшик» күнүнө катышып келишти. Окуучуларды Аскерге чейинки даярдык …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 11-жаштан 14 жашка чейинки өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө башталды. Эмдөөнү Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлери жүргүзүүдө.
Ак-Талаа районундагы 13 жергиликтүү кеңеште курултай өтүп, делегаттар шайланды. Эгер жалпы район боюнча 26 делегат көрсөтүлгөн болсо, мунун бешөөсү аялдар. Ал эми жаш курагы боюнча 50-60 жаш курактагылар басымдуулук кылып …
Ак-Талаа районунда КРнын Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай “Түшүм майрамы” болуп өттү. Ага жергеиликтүү бийлик өкүлдөрү, фермерлер, дыйкандар, айыл чарба кызматкерлери катышты.
Ак-Талаа районунда Кыргыз милициясынын түптөлгөндүгүнүн 98 жылдыгына арналган салтанаттуу иш- чара өткөрүлүп, анда ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери, бөлүмдүн өздүк курамы катышты.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер, мектеп директорлору жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына “Чыгармачылык менен сабак өтүүдө техникалык заманбап каражаттар жана платформалар” деген темада атайын тренингдердин топтому өтүлдү.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жогорку классынын окуучулары тамак-аш жарманкесин уюштурду. Анда өздөрү жасаган нандын түрлөрү, таттуулар, суусундуктар жана жер-жемиштер коюлду.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде окуучулардын күзгү каникулун утурлай “Мугалим, ата-эне жана окуучу” деп аталган спорттук мелдеш өттү. Ага 1-11-класстын окуучулары ата-энелери менен бирге катышып, эстафета, гира көтөрүү, …
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде “Келечектин мектеби- окуучуларга коопсуз өнүктүрүүчү чөрөдө санариптик-маалыматтык технологияларды колдонуу менен билим берүү” деген аталышта облустук семинар болуп өттү. Семинарга Нарын облустук усулдук …
Бүгүн кайын энелердин Эл аралык күнү. Бул күн расмий макам албаганы менен бир катар өлкөлөрдө популярдуу болгондуктан майрамдалып келет.
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып өлкөдө пенсия көбөйдү. Мурда пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом болсо, учурда 3170 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү 15% көтөрүлдү. Ак-Талаа районуна буга чейин пенсияга 37млндон …