Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Чынар Турдубаеванын кесиби финансист болгону менен акыркы 20 жылдан бери Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасында көзөмөлдөөчү(контролер) болуп келишимдик негизде эмгектенип келет.
Карамагында 658 түтүн (14подстанция) жана бир канча коммерциялык обьектилер бар. Кыштын суугу, жайдын аптабына карабай электр эсептегичтерин карап, убагында төлөөнү камсыздашат. Эженин бул тармактагы эмгек жолу “Светчи келатат” деп эшик-дарбазаларды иле койгон учурга туш келген.
Айтымында мурда кышкысын түнкү рейдге чыгып, 12ге чейин үй кыдырып иштешчү. Анткени күндүз кыркса, кечинде карагайга электр зымдарын чыбык менен илип алышар эле. Чыбыгын да карагайга жөлөп же тамдын үстүнө таштап коюшат деген Чынар эже иши тууралуу мындай деди.
“Мындан бир канча жылдар мурда каатчылык эле. Азыркыдай шарт, эмгек акы, мүмкүнчүлүк жок, элдер арпа ун жеген заман болчу.
Кээ бир үйлөргө барсаң чиедей 3-4 баласын жуурканга ороп коюп, үйдүн ичинде чакадагы суу тоңуп турган да учурларды көрдүк. Ал кезде абоненттер светтин акысын бартер менен эсептешчү. Эмне берсе, ошону алып, эмгек акыдан дүмүрчөк кыркып берчүбүз.
Төлөбөгөн үчүн кыркып кетсең, пленка менен токтотуп же көмүскө розетка жасап уурдачу. Кээде эшиктерин ачпай иттерин кое берип же бекитип коюшат. Монтерлор карагайга чыга баштаганда бая үйлөрүндө “жок” кишилер чогулуп калышчу. Азыр эми жакшы, такыр төлөбөгөн абонент жок. Эл түшүнүп калды, заман оңолду”,- дейт.