Энергетикалык системаларды түзүүгө жана тейлөөгө катышкандардын же тактап айтканда энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленип, ага райондук электр тармактар ишканасында салтанат уюштурулду. Салтанатка акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жана ишкананын жалпы эмгек жамааты катышты.

Кесиптик майрамга арналган салтанатка энергетиктер катышты
Алгач Улан Жылтыров жалпы жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, энергетика тармагынын адам баласынын жашоосундагы ордун баса белгиледи. Андан соң алдыңкы энергетиктерге райондук, облустук жана республикалык сыйлыктар тапшырылды.

Алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды

Эскерте кетсек, адам баласынын жашоосундагы эң маанилүү тармакка арналган майрам 1966-жылдан бери мурдагы постветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен бирге Армения, Белорусия жана Украинада белгиленип келет. Жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келген майрам “жылуулук” жана “жарык” деген түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуу.
Барчын Мамытбекова