Казан-Куйган айыл аймагында жергиликтүү кеңеште 30 % аялдар түзөт. Алардын талапкерлигин калк өзү сунуштап, айыл эли үчүн иштеп берүүнү өтүнүшкөн. Мындай көрүнүш жергиликтүү кеңештин депутаттарына элдин ишеними күч экенин байкалат.
Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усуповдун айтуусунда жергиликтүү бийликте аял депутаттардын ролу маанилүү. Айыл ичиндеги маселелерди көтөрүп чыгууда, жыйналыштарды өткөрүүдө, жаңы маалыматтарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө аял депутаттар натыйжалуу иш алып барып жаткандарын баса белгилейт:
Казыбек Усупов
“Казан-Куйган айылы кварталга бөлүнөт. Ар бир кварталга комитеттерди шайлоодо жергиликтүү бийликтеги аял депутаттардын салымы зор. Аялдардын деми менен кварталдык комитеттер натыйжалуу иш алып барышты. Биринчи кезекте корукту оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн кварталдык комитеттер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, корукка акча каражаттарын чогултууга чоң салым кошушту.
Канал чабууда дагы айыл элин жыйналышка чогултуп берүүдө аял депуттаттар эффективдүү иш алып барышты. Себеби, эркек жолдоштордун көпчүлүгү жыйналыштарга катыша беришпейт. Алардын демилгеси менен айыл тургундарынын көпчүлүгү айылдын инфраструктурасына аз да болсо пайдабыз тийсин деген ниет менен ашар жолу аркылуу борбордук каналды даяр кылышты.”
Чолпон Ашымова депутаттыкка элдин сунушу менен аттанган. Ал учурда депутаттар менен биргеликте бир топ маселелерди көтөрүп чыккан. Алардын ичинен эң көйгөйлүү деп айыл ичиндеги таза суунун жетишсиздиги, таштанды маселелери, жумушсуздук, туура тамактануу биринчи орунга коюлган.
Чолпон Ашымова
“Учурда жергиликтүү кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте иш алып барууда айыл ичиндеги таза суу маселелеси, жумушсуздук маселеси биринчи кезекте каралды. Азыр айылдын кээ бир аймактары таза суу менен камсыз болуп жатат. Жумушсуздукту жоюу максатында жаш келиндерди окутуулардан өткөрүүнү планыбызга киргизгенбиз. Мисалы, тикмечиликти, ашпозчунун окуулары деген сыяктуу. Мунун менен катар балдарга туура тамактанууну үйрөтүү да абдан маанилүү экендигин медициналык кызматкерлер менен биргеликте айыл элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз.”
Айыл ичиндеги активист аялдарга карата айыл тургундарынан, өзгөчө эркектерден сын сыпат берүүлөр бар.
Курманбек Асеков айыл тургуну
“Аялзатынын баардык нерсени байкап турушу, боорукерлиги менен көп маселелерди көтөрүп чыгат. Мисалга алсак, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын эркек жолдоштор байкабай калышы мүмкүн. Бул учурда аялзатынын көрөгөчтүгү, байкоо жүргүзүүсү маанилүү роль ойнойт,” — дейт Курманбек Асеков.
Жергиликтүү кеңешке аял депутаттардын келүүсүнө мыйзамдагы 30% квота жол ачты. Ошентсе дагы, аялдардын потенциалын көтөрүп, окутууларды жүргүзүү керек экендигин “Аялдарды колдоо борборунун” директору Бакен Досалиева баса белгилейт:
“Аялдардын депутаттыкка келишине 30% квота жөнүндө мыйзам абдан чоң түрткү болду. Анткени аялдардын депутаттыкка келишине тоскоолдуктар абдан көп. Мисалы, калктын стереотиптүү көз караштары, эркек талапкерлер тарабынан да көп тоскоолдуктар болуп жатты. Мыйзамдын колдоосу менен 30 эмес 38% аялдар депутаттыкка келди. Эми алардын потенциалын көтөрүү максатында окутууларды уюштуруу керек”.
“Аялдарды колдоо борбору” тарабынан 2020-жылы өткөрүлгөн шайлоодогу талапкер депутат аялдарга шайлоо мыйзамдары, эрежелери боюнча окутуулар өткөрүлгөн. Шайлоодон кийин депутат болгон аялдарга депутаттык иши тууралуу, айыл ичиндеги кайсы маселелерге көңүл буруу керек, ж.б. жөнүндө да окутуулар өткөрүлүп, азыркы күнгө чейин консультациялар берилип турат.
Акылай Алмазбекова