Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун СПИД бөлүмүндө учурда аталган илдет менен 22 бейтап каттоодо турат. Алардын бардыгы райондун аймагында туруктуу жашабаганы менен дарыгерлер байланышта болуп турушат.
Бөлүмдун дарыгери Махсальмина Өмүрованын айтымында алар өлкөнүн ар кайсы аймагында турушат.
“Балыкчы, Чүйдө жашап, дарылануусун ошол жактан алгандар дагы бар. Айрымдары такыр эле дайынсыз, сыртка чыгып кетишкен. Мамлекет тарабынан бекер дарылар берилет. Аны убагында алып туруусу зарыл. Эгерде бейтаптын боюнда болсо АРВ препаратын үзгүлтүксүз, өз убагы менен алып турса, баласы таза төрөлөт. Баласына сүт алып берүү үчүн айыл өкмөттөн кээде каражат бөлүнөт. Ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыгынан дагы жөлөк пулдарды чегерүүгө жардамдашабыз”,- дейт.
Быйылкы жылдын 18-ноябрында райондо жаңы учуру катталган. Бейтап сырттан келгендигине жана каттоосу жок болгондугуна байланыштуу учурда жөлөк пул чегерүү маселеси жаралууда.
ВИЧ-СПИД менен жабыркаган жарандар ден-соолугуна байланыштуу мамлекеттен 10-12миң сомдун тегерегинде жөлөк пул чегерилет.