Акталаа районунда АИВ-инфекциясын эрте табуу, аялдар жана балдар арасында илдеттин жаңы учурларын алдын алуу, өлүмгө дуушар болуу санын кыскартуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир айлык жарыяланып, бир катар иш-чаралар уюштурулууда.
Атап айтсак, райондук жалпы даргерлер практикалык борбору жана Нуркул Кулназаров атындагы китепкананын «Бул сенин ВИЧге тестиң, сенин ден соолугуң, сенин өзүң» аталыштагы 1 айлык биргелешкен тегерек үстөлү өткөрүлдү.
СПИД илдетинин жугуу жолдору, алдын алуу боюнча маалымат берилди
Дарыгер Махсальмина Өмурова китепкана кызматкерлерине маалымат берди
Анда катышуучуларга СПИД бөлүмүнүн дарыгери Махсальмина Өмүрова ВИЧ/СПИД илдетинин жугуу жана андан сактануунун жолдору тууралуу маалымат берди. Китепкана башчысы Гулжаз Сулайманованын айтымында мындай иш-чаралар айылдардагы бардык китепканаларда жергиликтүү калктын, мектеп окуучуларынын катышуусунда өтүүдө. Ошондой эле Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лийейда дагы семинар өтүлүп, курсанттар жана окутуучулар катышты. Соңунда курсанттардан экспресс тест анализ алынды.
Мааданбек Барашов атындагы лицейде семинар өтүлүп, курсанттардан экспресс тест алынды
Мындан сырткары билим берүү мекемелеринде линейкалар, класстык тарбиялык сааттар, флешмобдор уюштурулуп, дубал газеталар чыгарылды.
Билим берүү мекемелеринде дагы бир катар иш-чаралар өтүлдү
Барчын Мамытбекова