Төлөк айылынын тургуну Чолпон Сокубашова сүмөлөктү мыкты жасайт. Ал Ноорузда жасалуучу сүмөлөктү көп жылдан бери жасап жүрөт.
«Сүмөлөк жасоо оор деле эмес, оңой эле болот. Ата-бабадан бери келе жаткан Нооруз майрамында жасала турган улуттук тамак. Көп жылдан бери Нооруз майрамында мектеп, айыл уюштурулган майрамга жасап берип турам. Сүмөлөктү негизи Нооруз майрамында гана жасайбыз.
Сүмөлөк жасоону мен окуучу кезимде китептен окуп кызыгып жасап көргөм. Ошондон бери азыркы убакка чейин жасайм. Сүмөлөктүн негизги кошулма азыгы буудай болуп саналат. Андыктан буудайды күз аяктап калганда даярдап, сактап коюш керек. Кышында буудайдын сакталышына кам көрүп, жакшылап сактоо кажет. Ошон үчүн сүмөллөккө камылга кышында башталат. Андан соң жаз айы чукулдап калганда болжолдуу февраль айында буудайды өндүрүп баштайм. Буудай 10-20см ге чейин өнүп чыгат. Канчалык бийик өссө майы , сүтү көп болуп, сүмөлөк даамдуу болот.
Өндүрүлгөн буудайды майдалап сарыктырып суусун бөлүп алабыз. Андан кийин асылган казанга май куюп, атайын ачытылган камырдан 41 токоч бышырып алам. Анан ошол майга ун чайытылган суюктук куюлуп, сүмөлөк бышыруу башталат. Сүмөлөк казандын түбүнө тартып кетпеш үчүн майда таштар салынат жана тынымсыз аралаштырылып турат. Ага ар бир эки саат сайын бышырылып жатканда көлөмүнө жараша суу жана арткан угут менен суунун аралашмасы куюлуп турат.
Бир топ убакыт өткөн соң мейиз, жаңгак, өрүк, набат ошондой эле кактар кошулат. Буларды ченеп кошуу кажет, антпесе өтө ширин болуп, даамы бир аз жакшы болбой калат. Сүмөлөктү кезекке туруп 10-12 саат кайнатып, тынымсыз аралаштыруу керек, анан жыты чыгып, өңүнө келе баштайт. Бышканы билинген соң сүмөлөктүн үстүн жаап, казандын түбүндөгү отту басаңдатабыз. Ошол боюнча казан бети эртең менен ачылат. Бетин ачканда сүмөлөк бетине сүрөт тартылып калат, аны апаларыбыз жакшылыкка жооруп, эмненин сүрөтү түшкөнүн чечмелеп беришет. Андан кийин чакан идиштерге куюлуп, бүткүл айыл элине таратылат», -дейт Чолпон Сокубашева.
«Мен да Чолпон эжедей болуп сүмөлөктү даамду кылып жасаганды үйрөнгүм келет. Быйыл Ноорузга карата жасай турган сүмөлөккө жардам берип, жасоонун жолдорун көрүп келсемби деп турам. Мен ойлом сүмөлөк жасоону бир эле Чолпон эже эмес баардык кыргыздын аялзаты билиши керек. Нооруз майрамы болгондо эле Чолпон эженин сүмөлөгүн баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп калабыз. Ал абдан жакшы кылып жасайт. Кайсы бир жылдары Ноорузда сүмөлөк жакшы жасалбай калган, Чолпон эже бошобой калып жасабай калса керек», -дейт сүмөлөк жасоону үйрөнгүсү келген Аида Боталиева.
Анжелика Сеиталиева