“Биз биргебиз” аттуу бир айлык акциянын алкагында Атай айыл аймагында райондук деңгээлде иш чара өткөрүлдү. Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, акимдин орун басары Гулжамал Султангазиева жана айыл өкмөт башчылары, Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишовалар катышып, куттуктоолору менен бирге белектерин тартуулашты.
Толугураак, видеодон көрүнүз:
Спорттук оюндарга аймактардан келген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында кол күрөш, гиря көтөрүү, шахмат жана шашки оюндары, ошондой эле эстафета оюну болуп, ага 4 команда катышты.
Оюндардын 5 түрү ойнотулду. Мындан сырткары, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөр уюштурулуп, өздөрүнүн таланттарын тартуулашты.
Оюндарды мыкты ойноп, активдүү катышкандары үчүн администрация башчысы-акимдин ыраазычылык кат жана дипломдору, ошондой эле айыл өкмөттөрү тарабынан көрсөтүлгөн акчалай сыйлыктар жалпы катышуучуларга тапшырылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга санаториялык-курорттук путевкалар берилди.
Анара Мааметова