Ак-Талаа районундагы 13 жергиликтүү кеңеште курултай өтүп, делегаттар шайланды. Эгер жалпы район боюнча 26 делегат көрсөтүлгөн болсо, мунун бешөөсү аялдар. Ал эми жаш курагы боюнча 50-60 жаш курактагылар басымдуулук кылып 15 делегат болсо, 30-40 жаштагылардан бирөө.
Дээрлик ар бир кеңештердеги жергиликтүү курултайларда көбүнчө жол, бала бакча, таза суу, оорукана сыяктуу социалдык маселелер менен бирге ирригация, трансформация, айрым айылдарды бийик тоо аймакка киргизүү ж.б көйгөйлөрдү Курултайда көтөрүү сунушталды.
Барчын Мамытбекова