Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 11-жаштан 14 жашка чейинки өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө башталды. Эмдөөнү Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлери жүргүзүүдө.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык көрсөтмөсүнө ылайык эмдөө мектептердеги медициналык кабинеттерде жылына эки жолу жасалат. Эгер ата-эне эмдөө учурунда кызынын жанында болууну кааласа, тыюу салынбайт.
Мындан сырткары, КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз кыздын ата-энесинин макулдугу менен эмделет. Ал эми окуучу эмдөөдөн кийин кошумча даярдалган бөлмөдө бир аз убакыт эс алуусу керек. Эгер окуучу өзүн начар сезсе дарыгерлер жардам көрсөтүүгө болот. Эмдөө дарыгердин көрсөтмөсүнөн кийин аралыкты сактоо менен жүргүзүлөт.
Барчын Мамытбекова