15-ноябрь күнү Кочкор районунун Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасында жана Убайдылда Малтабаров атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» боюнча окутуу болуп өттү.
Чолпон айылынын тургуну, Молдо-Кылыч айылындагы Убайдылда Малтабаров атындагы орто мектебинин физика мугалими Бекболот кызы Аида:
«Энелер мектебин» окутуу боюнча Кочкор райондук координатору катары эсептелип, бала бакчаларда, мектептерде сабак өтүп жүрөбүз. Энелер мектеби Гапыр Мадаминов тарабынан ачылган. Ал дээрлик 20 жыл мурун өзүнүн айылында энелер мектебин өтүп, жакшы жетишкендиктерге жеткендиктен, азыр бүткүл Кыргызстан боюнча колго алынып, бала бакчаларда, мектептерде уюштурулуп жатат. Эгерде биз дагы Чолпон айыл өкмөтүнө «Энелер мектебин»өтүү семинарларын жайылтып алсак, балдардын тарбиясында жана билиминде да мыкты жыйынтык болмок деп ойлойм.
Бул сабакты өтүүгө ушул коомдогу өспүрүмдөрдүн зээнди кейиткен жүрүм-туруму түрткү болду. Ал балдар үйдөн, ата-энелеринен кандай тарбия алып жатышат? Мына ушул суроолор көп ойлондуруп, мен тарбияга көп басым жасап калдым. Ар бир ата-эне балдарга туура тарбия берип жатабызбы? Кандай катачылыктарды кетирип жатканыбыз тууралуу ички сезимим менен кызыктар болдум да, аны коомго сунуштадым. Элдердин арасынан колдогондор да өтө көп. Анын басымдуу бөлүгү жаштар. Мына ошондуктан семинарларды өтүп, жыйынтыгы мыкты деңгээлде болот деп үмүттөнөбүз.
Мына быйыл «Энелер мектеби» министрликтен атайын жарлык кылынып уюштурулуп, Кочкор районунда 10 мектеп киргизилген. Бирок Чолпон айылындагы бала бакчалар кирбей калган экен. Ал эми бүгүн 2 жерде ата-энелерге семинар өттүм. Алгач Молдо-Кылыч айылында, андан соң Чолпон айылынын «Бүчүр-Таалай» бала бакчасында. Бул бала бакчага тарбиячылардын каалоосу, сунушу менен жана семинардын таасири күчтүү болгондуктан келип өтүп бердим. Эки жерде тең ата-энелер , активдүү, жогорку деңгээлде катышып беришти. Бүгүн алар өздөрүнүн бүгүнкү өтүлгөн сабакка кызыктар экендигин билдире алышты. Жалпы жонунан сабак өз максатына жетти. Мындан ары да ишибизди улантабыз жана Чолпон орто мектебинде да «Ата-Энелер мектеби» уюштурулса мен чын дилим менен барып жардам бермек элем».
Наргиза Алиева: «Бүгүнкү күндө «Энелер» мектебинин коомго пайдасы өтө чоң. Күндөн-күнгө бардык нерсе өзгөрүп жатат. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр туура тарбия ала албай жатат. Бул ата-энелердин балага болгон мээрименен болуп жатканы баарыбызга эле маалым. Дал ушул Энелер мектебинен биз балага туура тарбия берүү боюнча сабактарга катышып, көптөгөн маалыматтарды алдык. Биз бул иш-чаранын өсүп өнүгүшүнө көмөктөшөбүз.
Асема Сүйүндүкова, Анара Нурдинова, Акылай Болотбекова, Айдана Токтогулова