Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде окуучулардын күзгү каникулун утурлай “Мугалим, ата-эне жана окуучу” деп аталган спорттук мелдеш өттү. Ага 1-11-класстын окуучулары ата-энелери менен бирге катышып, эстафета, гира көтөрүү, кол күрөш, стол үстүндөгү теннис, футбол, волейбол боюнча күч сынашты.
Башталгыч класстын ата-энелери гира көтөрүүдө
Апалар кол күрөшкө чыгышты
5-6-класстын ата-энелери эмтафета ойноду
9-11-класстар мугалими ата-энеси менен волейбол ойношту
Эстафета учуру
Ар бир оюнда класс жетекчиси же мугалимдери кошо катышып, атаандаштык менен мыкты оюндарды көрсөтүштү. Мелдештер бир учурда мектептин спорт аянтчаларында өткөрүлдү.
Аталган иш-чара мектеп парламенти тарабынан ата-энелер комитети менен биргеликте уюштурулду. Ал эми мектеп жетекчилиги жана дене тарбия мугалимдери уюштуруу иштерине көмөктөштү.
Мыкты командаларга грамоталар тапшырылды
Оюндун түрлөрү боюнча алдынкыларга грамота жана таттуулар берилди
Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөтүп, алдыңкы орундарды камсыз кылган командаларга жана стол үстүндөгү теннис, кол күрөш, гира көтөрүү боюнча алдыга чыккан ата-энелерге уюштуруучулар тарабынан Грамоталар жана чакан белектер тапшырылды. Ошондой эле спорттук иш-чара мектеп окуучуларынын ыр-бийлери менен коштолду.
Мээрим Тентиева