Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жогорку классынын окуучулары тамак-аш жарманкесин уюштурду. Анда өздөрү жасаган нандын түрлөрү, таттуулар, суусундуктар жана жер-жемиштер коюлду.
Жарманкеде окуучулар өздөрү жасаган суусундук, шириндиктер, таттуу токочторду сатыкка коюшту
Жарманке учуру
Тамак-аштын бааларын өздөрү коюшту
Жарманке мектеп раламенти тарабынан уюштурулду
Жарманкедеги таттуу токочтор
Жарманке мектеп парламентинин демилгеси менен уюштурулуп, келгендер окуучулардын колунан жасалган бардык таттуу, токоч, суусундуктарды сатып алышты.
Ал эми түшкөн каражат мектеп парламенти тарабынан уюштурулуучу китеп окуу, жаш таланттар өңдүү сынактарды каржылоого жумшалат. Мындай жарманкелер окуучуларды өз алдынчалыкка, кесипке багыт берүүгө, каражатты ак эмгек менен кантип табууга болорун жана аны сарамжалдуу колдоно билүүгө үйрөтөт. Ошондуктан окуу жыл ичинде дагы өткөрүү пландаштырылууда.
Акбар Кеңешбеков