Ак-Талаа районунда КРнын Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай “Түшүм майрамы” болуп өттү. Ага жергеиликтүү бийлик өкүлдөрү, фермерлер, дыйкандар, айыл чарба кызматкерлери катышты.
Анда райондун акими дыйкан-фермерлердин ак эмгеги, кажыбас күжүрмөндүгү менен райондун айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө кошуп келаткан салымын жана бул тармакты аркалаган адистер өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып жаткандыгын белгиледи.
Ал эми агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Уланбек Казиев райондо бул тармакта аткарылган иштерге токтолду.
Майрамдык иш-чарада алдыңкы дыйкан-фермерлер райондук мамлекеттик администрациясынын жана агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын грамоталары менен сыйланышты.
Мындан сырткары кыргыздын кунан чабыш, жорго салыш, аламан байге, эр эңиш өңдүү улуттук ат оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле кыргыз күрөшү боюнча балбандар килем үстүндө күч сынашты.
Майрамдык иш-чара маданият кызматкерлеринин ыр-күүлөрү менен коштолду.
Барчын Мамытбекова