2-3-ноябрда Кочкор районунда мугалимдер үчүн STEM — билим берүү боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарды Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын биология мугалимдери Элеонора Муратбековна жана Назгул Мелисовна жетектешти. Семинарга катышкан 20 мугалим учурдун билими болгон STEM түшүнүгү менен таанышып, сертификатка ээ болушту.
Мугалимдер STEM билим берүү боюнча семинарга катышып сертификатка ээ болушту.
Элеонора Калназарова: «Мен Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясында 15 жылдан биология мугалими болуп эмгектенем. Эки күндөн бери биздин мектепте STEM программасы боюнча семинар өтүлдү. Семинарда биз ар тараптан келген 20 мугалимге ушул методика боюнча кыска болсо дагы маалымат берип жетиштик. Бул STEM программасынын негизги максаты бул окуучуларга теориялык жактан эмес практикалык жактан билим беришибиз керек жана ошондой эле бир эле кесипкөй болбой ар тараптуу мугалимдерден болууга умтулушубуз керек дегенди түшүндүрө алдык.
20 мугалимди 4 топко бөлүп, ар тараптуу практикалык иштерге тапшырмалар берилди. Ал тапшырмаларда биз ресурстардын негизинде иштеттик. Мугалимдер биринчиден практикалык иштин темасын табышып, теманын негизинде иштеген ишин ар бир топторго презентациялап түшүндүрүп беришти. Технология жаатындагы билимди колдонуу менен практикалык ишти алып чыгышты. Мисалы: математика, инфрматика, физика, химия, биология жана технология илимдери катышты. Азыр биз бир мугалим бир гана кесипке ээ болбостон ар тараптуу балдарга физиканы, технологияны, химия, биологиядан дагы маалымат берип практикалык иштете аларын бардык мугалимдер ынанды окшойт. Семинарыбыздын аягында мугалимдер STEM программасы боюнча кенен маалымат айтышып, ой — пикирлерин бөлүшүп, семинарыбызды жакшы ой — тилек, максат, калоо тилектер менен жыйынтыктап алдык».
Нурзат Зарылбековна: «Мен Нинакан Жүндүбаева атындагы гимназия мектебинде математика мугалими болуп эмгектенем. Бул менин биринчи долбоорум. Бул жерде бир эле математикага басым жасабай биология, химия, физика жана башка көптөгөн сабактар аралык байланыш түзүп, окуучулар менен кийим илгичти жасап чыктык. Мындан тышкары дагы бир проектим бар. Ал проект 2- 3 айдан кийин ишке ашып калат деп ишенем».
Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясынын биология, химия сабагынын мугалими Назгул Мелисовна:
«STEM методикасын январдан баштап окуп келе жатабыз. Бул Америкалык проектердин бири. Америкалык окумуштуулар, профессор, доценттер келип тынымсыз, үзгүлтүксүз ушул жылдын азыркы октябрь, ноябрь айына чейин окутушту. STEM программасын окуу менин ишиме чоң түрткү берди десем болот. Анткени окуучулар менен иштегенде теориялык жактан эмес практикалык жактан көп басым жасаганды үйрөндүм.
STEM методикасы боюнча каскадный тренингдерди экинчи жолу өттүк. Окуткан мугалимдерибизге 12 сааттык Лингва организация тарабынан бекитилген сертификаттар берилди. Ушул STEM методикасынын аркасы менен конкурстун негизинде Казахстандын Астана шаарына барып чоң бир илимий фестивалга барып күбөө болуп келдим. Ал жерде көптөгөн идеяларды, методикаларды үйрөнүп келдим десем болот. Ошонун негизинде райондук деңгээлде мугалимдерге жайылтып, каскадный тренингдерди тынымсыз өтүп турабыз».
Семинарга катышкан мугалимдер теория менен практиканы айкалыштырып, долбоордук ыкманы колдонуу менен команда менен иштешти. Ой-жүгүртүп, маселени чечүүгө аракет кылышты. STEM билим берүү боюнча маалымат алышып, келечекте долбоорлор менен иштөөнү пландап кетишти.
Гүлира Сатарова, Акылай Карыпбекова