«Ыйык Ата-Журт» жаштар фондунун таймашынын башталышы менен Т. Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 мектеп жүрүш кылып айылдагы таштандыларды терип чыгышты.
Т.Айбашев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Эльмира Раимбердиева:
«Биз бүгүн Ыйык Ата-журт жаштар фондунун ишембилигине катыштык. Өзүбүзгө бөлүнгөн жерди 10 окуучу болуп тазаладык. Уюштуруучулар чыпта жана кол кап менен камсыз кылды. Бул жарыштан утуп чыккан 3 мектепке Ташкентке жолдомо берилет. Биз да жеңишке жетели деп активдүү катышып жатабыз»,- деп билдирди Эльмира Раимбердиева.
Жумагүл Көчкөнбаева, Чынара Көчкөнбаева