Кулатов айыл өкмөтү жана «Ыйык Ата-Журт» жаштар фондунун Баткен облусунун төрагасы тарабынан «Жылдын мыкты парламенти» долбоору уюштурулду. Бул долбоорго Кулатов айыл өкмөтүндөгү он мектеп катышты.
Ыйык Ата-Журт жаштар фондунун уюштуруруучусу Алтынбек Атамбаев:
«Биз бул долбоорду Кулатов айыл өкмотүндөгү он мектептин чогулусуунун артында иш- чара уюштурдук. Бул иш чараны Кулатов айыл өкмөтүндөгү он мектепти жарыштырып жыл аяктаганга чейин окуучулар менен тыгыз байланышта болобуз. Биз бул долбоорду эмне үчүн уюштуруп жатабыз десениздер. Ыйык Ата-журт жаштар фонду билим берүү фонду болгондукта, Кулатов айыл өкмөтүндогу окуучулардын кандай активдүү жашоо образын көрсөтө алуусу үчүн долбоорду баштадык»,-деп билдирди Алтынбек Атамбаев.
Ыйык Ата-Журт жаштар фондунун катышуучусу Кулуштан орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нурматова Аймира:
«Бүгүнкү иш- чара өтө жакшы деңгээлде өттү жана окуучуларга жакшы таасирин берди. Ошолордун арасында биз дагы жыйырма беш окуучу болуп аракеттенип женишке жетели деп жатабыз»,-деп билдирди Аймира Нурманова.
Чынара Көчкөнбаева, Жумагүл Көчкөнбаева