Ак-Талаа районунда Кыргыз милициясынын түптөлгөндүгүнүн 98 жылдыгына арналган салтанаттуу иш- чара өткөрүлүп, анда ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери, бөлүмдүн өздүк курамы катышты.
Тартип сакчыларынын кесиптик майрамына арналган салатанатка район акими Жумадилла Жапаров куттуктап, ички иштер кызматкерлеринин жана ардагерлеринин коомдук коопсуздукту сактоодогу, мыйзамдуулук менен иш алып баруудагы күжүрмөн эмгектерин жогору баалады.
Ошондой эле мындан ары да өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоодо, коррупция, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө тартип сакчыларынын алдында чоң милдеттер турганын, кийинки кездерде мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан социалдык камкордуктар милиция кызматкерлерине чоң дем болуп, элдин ишеничин актоого түрткү берет деген ишеничин билдирди.
Андан соң кызматта күжүрмөндүк көрсөткөн кызматкерлерге райондук, облустук, республикалык сыйлыктар тапшырылды.
Эске салсак, Кыргызстандын укук коргоо тармагынын сыймыктуу таржымалы советтик доор менен тыгыз байланыштуу.
Эӊ алгач Октябрь революциясынан кийин В.И.Ленин башында турган Ички иштер элдик комиссариаты (Народный комиссариат внутренних Дел -НКВД) катары түзүлгөн. Улуу Октябрь революциясынын жеӊишинин үчүнчү күнү 1917-жылдын 28-октябрында (10-ноябрь) советтик өкмөттүн тапшырмасы менен ИИЭК «Жумушчу милициясы жөнүндө» токтом чыгарат. Ушул токтом кабыл алынган күн — 10-ноябрь совет доорунда советтик милициянын күнү катары белгиленип келген.
Ал эми 1924-жылы 1-ноябрда Ревкомдун административдик бөлүмүнүн башчысы Ибрай Тойчинов өзүнүн отчетунда Кара-Кыргыз автономдук облустун милиция башкармалыгы түзүлүп, анын биринчи начальниги болуп Арумов Аркадий Петрович дайындалды деп билдирет. Ошол убактан бери 1-ноябрь Кыргыз Републикасынын милициясынын төрөлгөн күнү катары майрамдалып келатат.
Барчын Мамытбекова