Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында үч күндүк окуу-семинар уюштурулду. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, методисттер, башталгыч класстардын усулдук бирикмелеринин жетекчилери катышууда.
Окуу-семинар “Мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүүнү уюштуруу” деп аталып, башталгыч класстардын мугалимдерине натыйжалуу усулдук колдоо көрсөтүү максатында өтүүдө.
Аталган долбоорго райондогу 15 мектеп кирген жана КРнын Билим берүү жана Илим министрлиги менен кызматташтыкта иш алып барылат.Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев окуу-семинардын математика, окуу сабактарын окутуу үчүн пайдалуу экенин белгиледи.
“Мугалимдин сабагына анализ берүүнүн электрондошкон ыкмасы бар экен. Ошондой эле бул окуу 2025-жылы өтүүчү PIZA мониторингине даярдык көрүү үчүн жардам берет” деди.
Үч күнгө созулган окууну улуттук тренерлер Нурзат Молдакунова жана Динара Абдылдаевалар өтүп жатат.
Барчын Мамытбекова