Ак-Талаа районундагы Баетов айылында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун алкагында Нарын облусундагы жаңы айыл өкмөттөр менен кызматташуусунун бет ачарын өткөрдү. Ага USAIDдин «Ийгиликтуу аймак-2 » долбоорунун жетекчиси Сабина Андреевна Градваль жана айыл өкмөт башчылары, кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары катышты.
Долбоорго 5 айыл өкмөтү тандалып алынды
Алгачкы жолугушууга келген айыл өкмөт кызматкерлери
USAIDдин «Ийгиликтуу аймак-2” долбоорунун кординатору Бакыт Айткуловдун маалыматына караганда райондогу Жаңы-Талап, Тоголок-Молдо, Кара-Бүргөн, Коңорчок жана Терек айыл өкмөттөрү пилоттук катары тандалып алынып, кызматташууну баштайт.
Бакыт Айткулов долбоордун координатору
“Бүгүнкү жолугушуубуз таанышуу, долбоор тууралуу маалымат берүү, иштешүү багыттарын жана ыкмаларын аныктоо туурасында болууда. Ошондой эле буга чейин биз менен өнөктөш болуп иштеген Ат-Башы районундагы айыл өкмөттүн кызматкери келип, жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуу, жемиштүү болгон тажрыйбалары менен бөлүштү. Долбоор негизинен үч багыт боюнча иштейт” деди.
Ал эми долбоордун регионалдык координатору Табылды Байбагышевдин маалыматына таянсак, “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында жаңы муниципалитеттер калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча иш алып барышат.
Табылды Байбагышев долбоордун регионалдык координатору
Долбоор айыл өкмөтү жана мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү жана алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга үгүттөө аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга багытталган. Долбоордун негизги максаттарынын бири – муниципалитеттерге экономикалык жактан негизделген тарифтерди киргизүү, кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүк түзүү жана маалымат технологияларды колдонуу аркылуу алардын кызматтарын каржылык жактан туруктуу кылууга жардам берүү. Муниципалитеттер мындай ыкмалар менен өз бюджеттерин кеңейтип, жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн көбүрөөк кызматтарды сунуштай алышат.
Барчын Мамытбекова