Бүгүн Ак-Талаа районудагы «Адилет» паркында 7-апрель Элдик революциянын курмандыктарына арналган эскерүү-реквием өткөрүлдү. Ага 2010-жылы революцияда курман болгон Адилет Карасартовдун туугандары, классташтары, айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Эскерүү-реквием учуру

Эскерүүгө Адилет КАрасартовдун жакындары, айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты

Алгач эстеликке гүл коюлуп, курмандыктарга багышталып куран окулду. Андан соң Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучуларынын линейкасы болду.

Апрель окуяларында курман болгондорго багышталып куран окулду

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жумадилла Жапаров өз сөзүндө өлкөнүн келечеги үчүн курман болгон патриот уулдардын элеси эч качан өчпөйт деп баса белгиледи.

Жумадилла Жапаров Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким
«Элдик революцияга быйыл 12 жыл толду. Ушул күнү Кыргызстандын калкы тарыхыый прогресстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси эл экендигин көрсөттү. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдун кыйылышы менен коштолгон оор окуя катары ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүндө сакталып калды»,- деди.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Ал эми Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев Апрель окуясында курман болгондорду унутпай, ар дайым эскерип туруу ар бирибиздин милдетибиз деп Адилет Карасартовдун жакындарына көңүл айтып, сабырдуулукка чакырды.
Адилет Карасартовдун атасы Сүйүндүк Карасартов ошол күндөрдү эскерип, Элдик революциянын үмүтү акталбай калды дейт.

Сүйүндүк Карасартов револцияда курман болгон Адилет Карасартовдун атасы
Барчын Мамытбекова