Аталган дата адамзаттын алдында турган глобалдык көйгөйлөргө арналган ар кандай ураандар астында өткөрүлөт. Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн бул жылкы урааны: “Биздин планета, биздин ден-соолугубуз”- аталышында өткөрүлүп жатат. Жашоонун заманбап шарттарында ден соолукту сактоо жана чыңдоо маселелери өзгөчө актуалдуу.
Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес оорулар бөлүмүнүн башчысы Сагын Уезбаев ден-соолук бул ар кандай оорулардын же майыптыктын гана жоктугу эмес, бул адамдын бардык жагынан дене бойдо, аң-сезим, башка чөйрөлөрдөгү толук кандуулук экенин белгилейт:
“Адам өзүн-өзү камсыз кыла алган болуш керек, түрдүү кырдаалдарга жооп бере алгандай стресске туруктуу боло билүү, үйдө болобу жумуштабы адамдар менен жакшы мамиле түзө алуу мунун баары ден-соолуктун ичине кирет. Ден-соолуктун чың болушу же тескерисинче начар болушу адамдардын жүрүм-турумуна байланыштуу болот. 10% тукум куучулуктан, 20% медициналык жактан, 20% курчап турган айлана -чөйрөдөн көз каранды болсо калганы адамдын өзүнө түздөн түз байланыштуу.”
Бул жылы жашаган чөйрөгө көңүл бурулат
Бириккен улуттар уюмунун демилгеси менен бул жылы биз жашап жаткан чөйрөгө көңүл бурулат. Коомчулуктун көңүлүн биз кандай аба менен дем алып, кандай суу ичебиз, азыктанган тамак-аштын тазалыгы кандай экенине тазалыгы дегенде ден-соолукка зыян тийгизбейби деген мааниде буруу. Акыркы жылдары өзгөчө чоң шаарларда Бишкек, Ош абанын булганышы алдыңкы орунга чыгып актуалдуу болуп турат. Дүйнөдө чөйрөнүн зыяндуулугунан, таза эместигинен улам 13 милнго жакын адам каза табат. Кыргызстан деле мындан арта эмес. Бул өзгөчө өнөкөт оорусу барлар үчүн кооптуу. Андай оорусу жоктор деле узак убакыт мындай чөйрөдө жашаса жылдардын өтүшү менен турдүү ооруларга чалдыгууну камсыздайт. Акыркы жылдары рак ооруларынын, ак кан сыяктуу оорулардын жашарып жаш балдар арасында өсүп жатканы чөйрөгө байланыштуу. Ошол эле кант диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары дагы көп кезигип жатат.
Физикалык активдүүлүк маанилүү
Күнүнө жок дегенде 30 мүнөт активдүү кыймыл аракет болуш керек. Бул бир аз дем кыстыгууну пайда кылган, бир аз бел чекеден тер чыгарып, бетти кызарткан активдүү кыймыл аракет. Ал балким жөө басуу, велосипед тебүү деле болот болгону тезирээк басуу керек. Бул ашыкча колорияларды жок кылып адамдагы зыяндуу заттардын чыгуусуна ошондой эле бактылуулук гармондорун иштеп чыгууга жардам берет. Азыр түрдүү мүмкүнчүлүктөр бар, жаш курагына, жынысына карап физикалык кыймылда болуу зарыл эң негизгиси тынымсыз кыймылда болуу керек. Кыймыл аракет стресске туруштук бергенге дагы жардам берет.
Сергек жашоо мунүзү аркылуу оорулардын бардыгын алдына алсо болот
Жогоруда ден-соолук адамдын жүрүм-турумуна түздөн-туз байланыштуу экенин айтканбыз. Сергек жашоо мүнөзү абдан маанилүү. Ошондой эле айлана-чөйрө менен жакшы мамиледе болуу позитивдүү кароо туура. Адамды стресс көп ооруга чалдыктырат
Стресс деген бул сырткы факторлорго организмдин жообу. Бул учурда организм чыңалат жүрөктүн согушун күчөйт, кан басым жогорулайт. Бул болсо организм үчүн өтө чоң сокку. Айрым учурда кан тамырлар чыдабай жарылып кетиши мүмкүн. Анын аркасында инфаркт, инсульт деген оорулар келиши ыктымал. Тирүү жан болгондуктан муну жок кылууга деле болбойт болгону ушул учурда кыргызда жакшы сөз бар “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт”, “Сабырдын түбү-сары алтын”-деген ушуларды эске алган жакшы. Кандай гана акыбал болбосун сабыр кылып, бул эмоционалдык нерсе болгондуктан аны башкарса болот болгону буга машыгуу зарыл.
Жолдо жүрүү эрежесин билгендей эле интернет колдонуу эрежелерин билишибиз зарыл
Ар бир ооруда алгач онкологияны жокко чыгарып туруп дарылап баштаса жакшы
Төрөт учурунда моралдык-психологиялык абал чоң роль ойнойт
Айгерим Кубатбекова