7-апрель ден соолукту чыӊдоо күнүнө карата Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде айылдык ден соолук комитети уюштурган спорттук иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мугалимдер жана медицина кызматкерлери катышышты. Иш-чарада волейбол, аркан тартыш, эстафета оюндары болуп өттү. Оюнчулар эки топко бөлүнүп, ар бир топто 10 дон оюнчу болду.
Уюштурулган иш-чара боюнча Айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова мындайча айтып берди.
“Эртеӊ 7-апрель “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү”. Ошого карата биз иш –чарабызды 6-апрелде Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин спортзалында “Көӊүлдүү старт” аттуу оюн-зоок уюштурдук. Бул оюнга Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамып орто мектебинин 10 мугалими, ошондой эле Суусамыр айыл аймактык ооруканасынын 10 медайымы катышты. Эки команда тең айымдардан туруп, жакшы оюн көрсөтүштү.
Бул оюнга демөөрчү болгон Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов 3000 сом , Жергиликтүү кеӊештин депутаты, оорукананын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова 1000 сом, айылдык аялдар комитетинен 1000 сом, жергилүктүү кеӊештин депутаты Урмат Алыпсатаров 1000 сом, мектептин директору Азамат Кашкариев 1000 сом берди.
Мындан тышкары айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Чолпон Кулсариева грамоталарды алып берди. Жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди. Биринчи орунду Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин достук мугалимдер командасы ээледи. Экинчи орунду ден соолук медайымдар тобу алышты.
Оюн жакшы деӊгээлде өттү. Мындан ары да оюндун уланышына аракет кылабыз. Башка мектептер, мекемелер арасында өткөрөлү деп жатабыз. Орозо учуру болсо дагы активдүү оюнчуларга ыраазычылык билдирип кетебиз.”
Оюндун жогорку деӊгээлде болгондугун оюнчулардын бири, Суусамыр орто мектебинин мугалими Жийде Кулуева төмөндөгүдөй айтып берди:
“Бүгүнкү өтүлгөн таймаш мага абдан жакты. Бизге ушундай таймаштар ден соолукту чыӊдаганга жардам берет. Мындан ары да мындай таймаштар көп болушун каалайт элек. Биздин атаандаштарыбыз абдан күчтүү экен. Биздин дагы тобубуз күчтүү болду. Бул оюндардын ичинен эӊ жакканы волейбол жана мүшөк кийип секирмей оюну болду”.
Бегимай Шамирдинова