Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун уникалдуу Энелер мектеби долбоору эми Суусамыр өрөөнүндө ата-энелер менен жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууга уюштуруучулар, жаштар, мугалимдер жана ата- энелер катышышты.
Бул долбоордун Суусамыр өрөөнүндө өтүүсүн колдогон өз салымын кошкон уюштуруучулар бар. Алардын бири 1-Май айылындагы Сатымбай Карабеков атындагы орто мектебинин физика-математика мугалими Айзат Мырзабек кызы долбоор туурасында мындайча айтып берди:
“Бул долбоор Баткенде 1997-жылы Гапыр Мадаминов тарабынан негизделип, энелер мектеби ачылган экен. Мен дагы ушул энелер мектеби айылга керек экен деп, интернеттен издедим. Чүй облусу боюнча координаторун таап байланышып, бул долбоорду ишке ашыруу максатында иштеп баштадым.
Энелер мектеби долбоорунун негизги максаты –ата-энелерге педогогикалык жактан жардам көрсөтүү болуп саналат. Азыркы учурда көбүнчө ата-энелерибиз көр тирилик менен алек болушуп балдарга жакшы көңүл бөлбөй келишет. Мектеп менен байланышы жок болуп бара жатат. Балдарын ар кимге таштап миграцияга чыгып кетип, балдарга жеткиликтүү тарбия бере албай жатышат. Мына ушул көйгөйлөрдү эске алып, ушул максатта ата-энелердин кичине болсо дагы билимин көтөрүп, балдардын тарбиясына көңүл буруп, мектеп менен тыгыз иштешсе деген ой менен баштап жатам. Азыркы учурда балдар менен мектеп гана иштеп жатат. Ал эми ата-эненин тарбиясы жетишсиз болуп жатат. Мугалимдер билим менен кошо тарбияны бергенге да туура келип калды.
Балдарга албетте, үйдөн ата-эненин тарбиясы керек. Ал эми мектеп, мугалимдер билим менен гана алек болушу зарыл. Ошондуктан, бул долбоор ата-энелерге баланы тарбиялоодо чоң салымын кошот деген ойдомун. Мында атайын ата-энелер үчүн балага тарбия берүүнүн сырлары деген китептер, көргөзмө куралдар жана программалар да бар. Мына ушунун негизинде ишти алып кетели деген ой менен биринчи ачылышын Суусамыр өрөөнүндө баштадык. Мен буга чейин өзүмдүн мектебиме энелер мектебин ачып биринчи сабагымды өтүп алгам”.
Ал эми ушул долбоор туурасында ата-энелер да өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү. Суусамыр айылынын тургуну 3 баланын энеси Нагима Шаршенбек кызы мындай деди:
“Бул долбоор бизге абдан чоң таасир калтырды. Бул долбоордун энелер мектебинин биздин Суусамыр айылына келип жаткандыгы аябай кубандырды. Биз долбоордун максаты менен таанышып, жакты десем болот. Энелер мектебинен көп пайдалуу кеп-кеңештерди алдык. Учурдагы биздин көйгөй болуп жаткан балдарды билимге окууга кантип тартабыз, ата-энелер менен мугалимдин мектептин байланышын кантип чыңдоо керектигин билдик.
Жалпысынан бул бизге керектүү жана пайдалуу долбоор экен. Бизге дагы Энелер мектеби ачылса колдойбуз барабыз. Бардык ата-энелерди чакырып кетет элем. Мындан ары балдарды тарбиялоого көбүрөөк көңүл бөлөбүз деп ойлойм”, -дейт.
Азиза Тамчиева