Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаковдун 80, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 8 жылдыгына карата класс жетекчилердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу, аларды колдоо, стимул, дем-шык берүү максатында республикалык “Мыкты класс жетекчи-2022” онлайн кароо-сынагы 2022-жылдын февраль, март айларында өткөрүлдү. Ага өлкө боюнча 64 мугалим катышты.
“Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын Бишкек шаары боюнча координатору Жеңишбек Абдиназаров аталган сынак мыктылардын мыктысын аныктаганын айтат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Инсандындын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында уюштурулган:
“Кыргызстан боюнча 100дөн ашык мугалим кайрылып, 66сы сынакка катталды. Сынактын жүрүшүндө Жобого ылайык 2 мугалим четтетилди. 64 мугалим финалдык баскычка чейин 2 багыт, 6 шарт боюнча таймашты. Мугалимдин интеллектуалдык деңгээлин, педагогика-психология, класс жетекчиликтин теориясы жана методикасы, педагогикалык кырдаалдар боюнча тесттик тапшырмалар, тарбиялык видео сабак, тарбиялык сабактын иштелмеси багыттары боюнча таймашып, эң жогорку упайды топтогон мугалимдер жеңүүчү аталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи ушул жылдын 25-мартында Бишкек шаарында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда чоң салтанат менен эстрада жылдыздарынын коштоосунда жыйынтыкталды.”
Баш байгени Баткен облусунун Лейлек районундагы Д.Жороев атындагы негизги жалпа билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Казакбаева Бекайым Халбатоевна ээ болуп. Ысык-Көлдө өтүүчү “Окуучу күткөн мугалим-4” жайкы мектебине жолдомо, “Мугалим” төш белгиси жана диплом, статуэтка менен сыйланды.
1-орунду Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Н.С.Баранов атындагы №2 мектеп-лицейинин тарых мугалими Усупов Жылдызбек Орозакунович жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районудагы Тамчы мектеп-гимназиясынын физика мугалими Темиралиева Чолпон Каныбековна. Статуэтка, календарь, журнал жана 1-даражадагы диплом, “Мугалим” төш белгиси ыйгарылды.
2-орунду Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №2 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых мугалими Темирбек уулу Кайрат жана Баткен облсунунун Лейлек районундагы Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Халмурзаева Мавлидахан Сахидиновна. Статуэтка, календарб, журнал жана 2-даражадагы диплом, “Мугалим” төш белгиси ыйгарылды.
3-орунду Ош облусунун Ноокат районундагы Мирзо Улугбек атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Хакимов Данияр жана Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Д.Жороев атындагы негизги жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Зувайдилла кызы Мадина. Статуэтка, календарь, журнал жана 3-даражадагы диплом менен сыйланды.
4-орунду Жалал-Абад облсунун Тогуз-Торо районундагы №1 Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Кармышова Ширинкан Орунбековна жана Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Д.Жороев атындагы негизги жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалими Мавлянова Динара Келдибековна. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь.
5-орунду Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Б.Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шабатчаева Бермет Торобековна. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь.
6-орунду Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жекшен Ашубаев атындагы Маман жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалими Сейитказиева Назира Муратбековна. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь.
7-орунду Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Жаанбай кызы Эркеайым. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь.
8-орунду Сүлүктү шаарындагы В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин география мугалими Айбашева Айназик Айдаралиевна жана Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын орус тили жана адабияты мугалими Касымалиева Жылдыз Турсеитовна. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь.
9-орунду Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №2 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология мугалими Рахман кызы Жаркынбү жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Муса Жусупов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Акунова Наргиза Кубанычбековна. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь.
10-орунду Жалал-Абад облсунун Тогуз-Торо районундагы №1 Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Кулубаева Забида Жамшитбековна. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь.
Кызыктыруучу сыйлык: Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №32 Бекназар атындагы жалпы билим берүүү орто мектебинин мугалими Субаналиева Миргуль Шатманалиевна, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №2 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин физика мугалими Исакова Азиза Сыргабековна жана Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин мугалими Маадемилова Сымбат Жумакуновна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жекшен Ашубаев атындагы Маман жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шаршеева Саяна Зарлыковна. “Мыкты класс жетекчи-2022” наамы, титулу жана журнал, календарь менен сыйланышты.
Ошондой эле “Мыкты сабак” наамы менен Талас облусунун Талас районундагы Рычбек Айдаралиев атындагы орто мектебинин мугалими Курамаева Каныкей Кенжебековна, Чүй облусунун Кемин районундагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинин информатика мугалими Джилкибаева Айнур Абдыкалымовна жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №32 Бекназар атындагы жалпы билим берүүү орто мектебинин мугалими Субаналиева Миргуль Шатманалиевна.
“Илимий сабак” наамы менен Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын география мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жекшен Ашубаев атындагы Маман жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шаршеева Саяна Зарлыковна.
“Санарип сабак” наамы менен Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин мугалими Маадемилова Сымбат Жумакуновна жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №2 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин физика мугалими Исакова Азиза Сыргабековна.
Калган финалисттер, катышуучулар Ардак грамота, тастыктама жана журнал, календарь менен сыйланды. 15 жылдан ашык эмгектенген мыкты мугалимдерге “Мугалим” төш белгиси ыйгарылды.
Айгерим Кубатбекова