70% оорулар адамдын жашоо образына байлануштуу калган 30% тукум кууган же айлана чөйрөдөн келип чыккан. Демек, оорулардын көбүн жөнөкөй бирок, маанилүү эрежелерди сактоо менен алдын алууга мүмкүн. Сергек жашоо принциптерин сактоо менен оорулардын статистикансын жакшы жака өзгөртсө болот.
Сергек жашоо образын калыптандыруу, жайылтуу багытында иш алып барган “salamat.club” жаштар клубунун продюсери Айнура Миназарова сергек жашоо образы менен жашоого убакытты туура пайдалануу маанилүү экенин айтат:
“Биз сергек жашоо образы десе эле адамды кыйнай турган диета, күн сайын 5-6 саат чуркоо деп элестетет эмеспизби. Бирок, бул 2 фактор өтө эле жетишсиздик кылат. Сергек жашоо образы адамга ырахат тартуулайт жана жөнөкөй эле эрележелерден турат.”
Аталаган клуб сергек жашоо образы ичине эмнелерди камтып турарын изилдеп ар бир багытка боюнча алып карашкан “salamat.club” жаштар клубунун директору Милан Турсуналиев:
“Биздин 8 принцип бир гана физикалык жакты камтыбастан, руханий жакка дагы басым коет. Себеби Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы мурда ден-соолук бул адамдын оорубагандыгы деп түшүндүрүп келсе, кийинки жылдары толугу менен өзгөртүп “Адамдын ден-соолугу бул физикалык, руханий жана эмоционалдык саламаттыгы”-деп айтып калышты.
Бүгүнкү күндө депрессия, стресс, адамдардын бири-бири менен болгон мамиледе көйгөйлөрү айтор менталлдык оорулардын оорчундуу деңгээлде көбөйүшү башка денелик ооруларга караганда чоң таасирин тийгизип жаткандыктан бул багыттка басым коюп жатабыз.”
Туура тамактануу
— Бул биздин бүт организмибизди каныктырып турган булак. Тамактануу адаттарыңызды анализдөө үчүн убакыт бөлүңүз жана үзгүлтүксүз тамактанууга өтүү сиздин ден-соолугуңузду бир топ чыңдай турганын эсиңизден чыгарбаңыз. Ден-соолугу чың болуп, жигердүү жана узак өмүр сүрүү үчүн туура тамактануу абдан маанилүү экенин көптөгөн изилдөөлөр далилдөөдө.
Эс алуу
— Биз көп учурда иштеш керек “иштеген тиштейт”-деген принцип менен эс алууну билбей жүрө беребиз. Эс алуу укмуштуу бийликке ээ. Ал сергитет, жашартат, жашоого кайтууга жардам берет жана акылыңды, денеңди жана жан дүйнөңдү кайрадан күчкө толтурат. Эс алуу 100% толугу менен иштөөгө мүмкүндүк түзөт. Толук кандуу эс алуу жакшы уйкудан, ошондой эле күн сайын, жума сайын жана жыл сайын атайын эс алуу жана күчкө толууга арналган убакыттан турат.
Эс алуунун чыныгы артыкчылыгын көп учурда түшүнө бербей аны баалай албайбыз. Жашоодо орун алган стресс жана чыңалуулар убакыттын өтүшү менен топтолуп отуруп, жашообуздун бардык аспектилеринин бузулуна алып келет. Толук кандуу эс алуу- бул кеңири жайылган көйгөйлөргө каршы эң сонун каражат.
Өзүн өзү көзөмөлдөө
— Бул жеке контроль бир нерсеге “жок”-деп айтуу. Өз жашоону башкара билүү. Бул сергек жашоо образынын эң маанилүү принциптеринин бири. Эң алгач адам өзгөрүүнү кааласа оюн өзгөртүп, чечим чыгара билиши керек. Ден-соолугуңузга зыян алып келбеш үчүн жана пайдалуу нерсени колдонуу үчүн өз эркибиздин күчтүүлүгүн машыктырып туруу керек. күнүмдүк жашоодо сиз кабыл алып жаткан чечимдериңизди жана кылык-жоруктарыңызды көзөмөлдөөгө үйрөнүшүңүз керек. анткени алар адаттарды калыптандырат. Азык-түлүктөрдү тандап жатканда, ресурстарыңызды башкарууда (убакыт, акча) айлана-чөйрө үчүн кам көрүүдө эркиңизди машыктырыңыз, өзүн өзү көзөмөлдөй алуу сезимин өөрчүтүңүз жана бардык жаман адаттардан баш тартууга аракет кылыңыз.
Кыймылдулук
— Акыл эс менен дене өз ара тыгыз байланышта. Саламаттуу денеде-саламатуу рух. Ал эми саламат дене акыл тунуктугуна жакшы таасир тийгизет. Башкача айтканда, эгер сиз денеңизди дайыма машыктырып турсаңыз, мээңиз бир топ жакшы иштейт, ошондой эле эгер сиз мээңизди туруктуу машыктырып турсаңыз, денеңиз кызматын жакшы аткарат. Мунун бардыгы эң эле жөнөкөй.
Ишенүү
— Кээде эптеп тирүү калыш үчүн, өз сырларыбызды, ал гана эмес жашообузда кимдир бирөөгө ишениш керек болуп калат. ишеним көрсөтүү ишенимдин бар экендигин кабарлайт. Күчтүрөөк нерсеге, өзүңө жана өзгөгө ишенүү дегенди билдирет. Ишеним бизге гармония, кубаныч, тынчтык, коопсуздук жана үмүт белек кылат. Стрессти, депрессияны, тынчсызданууну жеңгенге жардам берет жана маанайды көтөрүүгө жөндөмдүү.
Позитивдүүлүк
— Биздин мамилебиз дүйнөгө жана жалпы жашоого карата жасаган мамилебизди көрсөтөт. Жашоого карата позитивдүү мамиле сиздин дүйнөгө көз карашыңызды өзгөртөт. Акыркы изилдөөлөр сиздин жаратылышты сезүүңүз ден-соолугуңузга ал гана эмес, кайсы бир оорунун өрчүү ылдамдыгыа дагы таасирин тийгизерин далилдешкен. Демек, жашоого позитивдүү кароо-бул өзүңүзгө өзүңүз белек кыла ала турган чыныгы белек жана сизди курчаган дүйнөнү кооздой турган кошумча түс дегенди түшүндүрөт.
Академик: Чың ден- соолук туура ой, таза жүрөк жана таза сөздөн көз каранды
Иммунитетти кантип бекемдөө керек?
Айгерим Кубатбекова