Барскоон айыл аймагынын тоолу аймактагы жашоочулар үчүн мобилдик байланыш жеткиликтүү болду. Айыл аймактын Сырт өрөөнүнө ООО «Скай Мобайл» тарабынан уюулдук байланыш түйүнүнүн антеннасы орнотулду.
Мындан 7 жыл мурун Караколка айылчасынын айыл башчысы Уралбек Жамангулов жана Жайыт комитетинин төрагасы Эркинбек Элебесов мобилдик компанияларга кайрылуу жазуу менен башташкан. Кат жазуунун негизги максаты алыскы тоолуу аймакта жашаган жашоочуларды мобилдик байланыш менен камсыздоо.
«Көп жылдык кайрылуу жазуунун негизинде акыры «Beeline» компаниясы тарабынан ишке ашырылып, Сырт өрөөнүнүн жергиликтүү тургундарына мобилдик байланыш колдонууга мүмкүнчүлүк болду»- деп билдирди Эркинбек Элебесов.
«7-жыл мурда Урал ава экөөбүз тоолуу аймактагы жашоочулардын жашоо шарттарын жеӊилдетүү максатында мобилдик байланыш койдурталы деп сүйлөшүп кат жазганбыз. Биз негизинен ар кайсы компанияларга жазып жөнөткөнбүз. Бирок аралык көпкө созулуп эч бир компаниядан жооп болгон жок. Ошого карабастан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп чуркап жүрүп акыры ишке ашырдык десем жаӊылышпайм».
ООО «Скай Мобайл» тарабынан уюлдук байланыш түйүнүнүн антенасы орнотууда жалпысынан 2 миллион сом акча каражатын сарптап, баардык шарты менен орнотту. Бул байланыш антенасы Сырт өрөөнүндөгү ТРЭСС Караколка айылчасына орнотулду. Антена алыстыгы 30 км аралыкта тартат.
«Жалпысынан бул айылчада 35-40 түтүн үй-бүлө жашайт. Аларга бул байланыш абдан зарыл болуп турган учур эле. Айылдан алыс болгондуктан сыртта капысынан бирөө ооруп калса же зарыл иштер болсо байланыш жок болчу. Азыркы күндө Бишкек шаарынан болсо дагы чалып сүйлөшө турганганга жана телефон аркылуу ар кандай жумуштарын бүтүрүүгө чоӊ мүмкүнчүлүк пайда болду. Эӊ негизгиси аба-ырайынын бузулушунда малчылар менен байланышууга жакшы шарттар түзүлгөнүн билдирди Эркинбек Элебесов.
Гүлкайыр Осмоналиева