Бүгүнкү күндө интернет (глобалдык тармак) колдонуучулардын саны көбөйүп жана алар убактыларынын көбүрөөк бөлүгүн виртуалдык жашоого коротушат. Ал эми интернет торчосунда фейк маалыматтар көбөйдү. Айрым убакта андагы маалыматтарды иргебей, сынчыл ой жүгүртө албай, ал маалыматты таратууга, бөлүшүүгө шашылышат. Бул биздин медиа сабаттуу эмес экенибизден кабар берет.
Бурул Майрамбек кызы