Кочкор районундагы Кочкор айылында жайгашкан райондук балдар искусство мектебинде азыркы учурда 28 мугалим эмгектенет жана 345 окуучу билим алат. Жаңы мектеп түптөлгөндө 50 окуучу окуп 5 мугалим гана иш алып барган.
Кочкор райондук Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жетекчиси Бермет Абдырахманова кызыктуу маек куруп берди. Искусство мектепте жетекчи болгонума 5 жылдын жүзү болду. Өзүм Кыргыз Улуттук консерваторияны элдик ырларды ырдоо бөлүмүн бүтүргөм, устатым Кыргыз республикасынын эл артисти Кенже Кубатова. Биздин искусство мектебине 60 жылдын жүзү болуп жатат. Өзү мектеп 1960- жылдарда курулуп керек -жарак буюмдарды сактоо кеңсеси болчу, 1998- жылы мектеп жамааты көчүп барып жайгашкан.
Мектеп имараты эски, тар, көйгөйлөр көп, бирок ага карабастан замандын сууро талабына ылайык жыл сайын окуйм деген окуучуларыбыз көп. Республика боюнча чоң контингенттүү мектептердин катарына киребиз. Сыймыктанып айта кетчү мугалимдерибиз жок эмес. Анын ичинде Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, залкар комузчу,обончу агайыбыз Зайнидин Иманалиев өзү сабак берет, Кенже Кубатова КР эмгек сиңирген артисти андан тышкары 10 жакын мугалим Билим Берүүнүн отличниктери 7 мугалим Маданияттын мыкты кызматкерлери, ардак грамотасы менен сыйланган мугалимдерибиз көп.
Окуучуларыбыз жөнүндө айтып кетсем жыл сайын республикалык, областык, эл аралык кароо -сынактарга активдүү катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып жүрүшөт.
Бий бөлүмүндөгү сабактан бир көз ирмем
Биздин балдар искусство мектеби» Баластан» телеканалына бир айда бир жолу таланттуу окуучуларыбызды жиберип, эфирге өздөрүнүн өнорлөрүн көрсөтүп турушат. Андан тышкары ЭЛТР, Пирамида ж. б телеканалдар менен келишимдерибиз бар.
Ийгиликтерибиз менен бөлүшсөм, былтыркы жылы» Жаш музыкант» областтык кароо- сынакта көптөгөн ийгиликтерди багындырып келишти, ошол эле Зайнидин Иманалиев жетектеген комуз бөлүмүнүн окуучусу 1- орунду, үйлөмө аспаптар бөлүмүнөн Наргиза кызыбыз 1- орунду камсыз кылышты. Жакын арада эле бий бөлүмүнүн окуучулары ийгилик жаратып алдынкы орундарга ээ болушту.
Алдыда көп пландарыбыз бар. Жакшы нерседен үмүт үзбөй, көп нерсеге умтулуп жатабыз. Бул жылы өзүбүздүн «Салттуу музыка» жумалыгына арнайлы деп 25- апрелден баштап бир жума бою чоң райондук иш- чара өткөрөлү деп жатабыз. 2022- жылы областтык кароо- сынак биздин райондо өткөрүлөт. Бул иш- чараны жакшы өз денгээлинде өткөрүп алсак деп атабыз.
Нурия Карымбаева