Балыкчы шаарындагы «Мезгил закымдары» жамааттык мультимедиа борборунун жаш ыктыярчыларына медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча тренинг өтүлдү. Бул тренинг тажрыйба алмашуу максатын көздөп, аны «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова жана ыктыярчысы Улук Курманбеков алып барышты.
Тренингдин теориялык бөлүмүндө ыктыярчыларга социалдык тармактар, фейк маалыматтар, сынчыл ой жүгүртүү боюнча маалыматтар берилди. Ал эми практикалык бөлүмүндө ыктыярчылар «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Бирлигин» сайты менен таанышып, кыска жаңылык жазууну үйрөнүштү. Өз кезегинде ыктыярчылар кызыккан суроолорун беришип, жооп ала алышты.
Тренингдин жүрүшү
Ыктыярчылар кыска жаңылык жазып, презентациялай алышты. Ал эми катышуучулар сунуштарын айтып, талкуулоолорду жүргүзүштү
Улук Курманбеков жаш кабарчыларга ар тараптуу өнүгүүгө жана туура максат коюуга өз тажрыйбасы менен бөлүшө алды
Тренингде ыктыярчылар гана эмес, Саякбай Каралаев атындагы орто мектебинин директору, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалимдер да катышып отурушту
Эске сала кетсек, «Мезгил закымдары» жамааттык мультимедиа борборун Саякбай Каралаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Зубаржад Жалилова жетектеп келет. 2022-жылдын 24 — март күнү «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Бирлигинин» онлайн конференциясында Зубаржад Жалилова медиа борбор боюнча маалымат берип, бирликтин мүчөлүгүнө кабыл алынган. Учурда 10 ашык жаш ыктыярчылар менен иштешип, жаңылыктарды Facebook жана Instagram социалдык баракчаларына жайгаштырып келишет.
Акылай Алмазбекова