Бүгүн Кочкор айылындагы «Сейил» паркында 7-апрель окуясында курман болгондор эскерилип, куран окулду.Ага 2010-жылы революцияда Кочкор районунун 5 тургуну өмүрүн берген.

Эстеликке гүлчамбар коюу кези
Эң алгачкы иш-чаранын башталышы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчиев баатырлардын эстелигине гүлчамбар койду жана апрель окуясынын курмандыктарына арналган эскерүү реквием митингди кийинки сөз менен баштады:
«Саламатсыздарбы, агайын туугандар, урматтуу иш- чаранын катышуучулары!
Кыргыз элинин тарыхында, жалпы журтубуз бир максатка биригип,өзүнүн кайтарылбас эркиндигин көрсөтүп, эркиндик каны менен кошо айланып, жаны менен бирге жашаган эл экенин даңазалаган жалпы эрдиктин, элдик жеңиштердин мисалдары арбын. Дал ошондой окуялардын бири 2010- жылдын 7- апрелдеги элдик революция. Ушул күнү тарыхый күнүбүз болду, туңгуюкка бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганбыз. Адилеттикти туу туткан,чөгөлөп жашоого чыдабаган, кландык жана үй-бүлөлүк бийликти кабыл албай турган эл экенибизди дагы бир жолу далилдегенбиз.
Элибиздин жаркын келечеги, жакшы жашоосу үчүн эр азаматтар канын да,жанын да аяган жок.Баатырларыбыз 2010- жылдын 7-апрелинде тарыхый күнүндө адилетсиздикке каршы күрөштө бүт кыргыз элине сепил түрткү болду. Тайманбас баатырларыбыздын күчү менен жаңы турмушту, жаркын келечекти көздөгөн элдин аруу тилеги ишке ашты.
Урматтуу бир туугандар, бүгүн ыйык Рамазан айында, шейит кеткен баатырларыбыздын элесине таазим кылып, аларды татыктуу тарбиялаган ата- энелерге, жакын туугандарына көңүл айтабыз…

Эскерүү митинг убагы
Иш-чарага революцияда курман болгондордун туугандары,классташтары,айыл тургундары,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.


«Түбөлүккө эсте каласыңар»
7-апрель элдик революция күнү курман болгон баатырларыбыз түбөлүккө эсте калат.
Сюита Түмөнбаева