Уйку — дени сак жашоонун негизги компоненти. Чоңдор күнүнө 7 же андан көп саат бою укташы керек. Айрым адамдар, айрыкча жаштар жана өнөкөт оорулары бар адамдар бир суткада 9 сааттан ашык уйкуга муктаж. Адамдардын саналуу гана бөлүгү суткасына 6 сааттан аз уктайт. Бул генетикалык факторлорго байланыштуу.
Ал COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө иммундук системанын мааниси чоң. Окумуштуулар үзгүлтүксүз жана жетиштүү уйкунун күчтүү иммундук система үчүн керектүү шарттардын бири экенин айтышат. Анткени денебиз эс алуу үчүн да, жаңылануу үчүн да уйкуга муктаж. Иммундук системанын клеткалары уктап жатканда көбөйүп, кайра жаралат.
Барчын Мамытбекова