Пандемиялык кырдаалга карабастан айыл тургундарына өз учурунда кат-кабар, ар кандай документтерди көрсөтүлгөн даректерге жиберүү почтальондун негизги жумушу. Кызматы калкты тейлөө болгондуктан иш учурунда атайын коргонуучу кийимдерди кийишип, бет кап тагынып жүрүшөт.
Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын кат-кабар бөлүмүнүн кызматкери Гүлмира Жусупбекованын айтымында район боюнча 4 почта кызматкери жана 13 агент (почтанын айылдардагы өкүлдөрү) бар.
«Гезит-журнал, каттар күндө келет. Мекемелерге күндө таратабыз. Бир эле соттон 50 гө жакын кат келет. Айылдарга кетчү каттарды айылдан келген таксилерден берип жиберебиз. Каттар өз убагында жетиши керек. Мисалы, соттон келген кат 3 күнгө чейин жетиш керек дарекке.
Кат, гезит-журнал тараткандан башка дагы айып пулдар төлөнөт, пособие таратабыз. Сактансак деле илдетти жугузуп алып, дарыландык. Кызмат учурунда көп эле окуялар болот. Бир жолу абонементтин үйүнө гезит таратып бардык. Алар экөө тең ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген түйгөйлөр болчу. Эшикке чыгып баратсам эле короодогу бош турган ити келип эле асылып калды. Артымда турган суу толтурулган чакага чалкаман түштүм. Эмне кыларымды билбей калдым. Алардын өздөрүнүн да итке алы жетпей, байлай алышпай бир топко убара болушту»,- дейт.
Андан тышкары, почтальондорго сактануучу каражаттар кызматкерлерге бекер берилерин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова