Баетов айылындагы «Алтын муун-Наристе» бала бакчасында балдардын ден соолугун чыңдоого кам көрүү, тазалыкка үйрөтүү менен ар тараптуу өнүктүрүп, адеп-ахлакка тарбиялоо максатында облустук семинар өткөрүлдү.
Семинарга облустагы райондордон өкүлдөр, район акими Ж.Жапаров, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдылдаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев катышып, бала бакчанын жетекчилигинин аткарган иш- аракеттери, балдарды багып тарбиялоо, ар тараптан өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттары менен таанышышты. Мындан сырткары тарбиячылар тарабынан өткөрүлгөн мастер класс, борборлоштурулган сабак, таза абадагы дене тарбия сабактарына, тарбиялануучулардын аткаруусундагы чакан концертке күбө болушту.
Семинардын катышуучуларына мастер-класс өтүлдү
Тарбиялануучулардын концерттик программасы
Музыка мугалими Казыбек Элетеновдун жетекчилиги менен тарбиялануучулар Ч.Айтматовдун чыгармасынан үзүндү көрсөтүштү.
Ч.айтматовдун чыгармасынан сахналык көрүнүш
Бала бакчанын жетекчи Нургул Сатылганованын айтымында семинар
«2021-жыл -инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жылынын алкагында өткөрүлдү.
Нургул Сатылганова-бала бакчанын жетекчиси(солдон экинчи)
«Мезгил талабына ылайык балдарга тарбия гана бербестен кенже куракта эле алардын ден-соолугуна кам көрүү, ар тараптан өнүктүрүү негизги милдет. Бала бакчада иш-балдарды ойнотуу менен гана чектелбейт. Аларга кенже курактан эле билимдин элементтерин берип баштайбыз»,- дейт.
Катышуучулар мастер класс учурунда
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга тарбиячы Бактыбек кызы Жылдыз тарабынан «Дени сак бала-дени сак улут» темасындагы мастер класс, Бактыбек кызы Жылдыз жана медайым Тукенейова Гулкайыр менен биргеликте ортонку тайпага өткөрүлгөн «Өнөрлүү, дени сак балдарбыз, «Өсүп жаткан бакчада» темасындагы сабактар, музыка мугалими Казыбек Элетеновдун эмгеги, тарбиячы Жумамүдүн кызы Альбинанын «Кыргыздын улуттук оюндары» иш чарасына мыкты деген баа берилди.
Барчын Мамытбекова