Абанын сууктагандыгына байланыштуу сасык тумоо дагы күч алды. Окуучулардын саламаттыгы туруксуз болгондуктан, К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби аралыктан окутууга өткөн.
К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин директору Азамат Кашкариев окуучулар арасында сасык тумоо күч алгандыктан аралыктан 1-чейрек жыйынтыкталгандыгын билдирди:
“Окуучулардын көбү сасык тумоого кабылгандыктан, аралыктан билим берүүгө өттүк. Интернети, телефону жок окуучулар ата-энелеринин смартфондорун колдонуп окушту. 1-чейректи онлайн түрүндө кабыл алынып, жыйынтыкталды. Учурда окуучулар күзгү эс алууга чыгышты. 2- чейрек эгерде сасык тумоо менен ооругандар аз болуп, атайын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун негизине ылайык 15% жетпесе кадимки салттуу окуу улантылат”.
Суусамыр орто мектебинин 11-классынын окуучусу Курал Абдысатаров сасык тумоого чалдыккандардын саны көп болуп, сабакка катышуу аз болуп жаткандыгын кошумчалады:
“Окуучулар көбүнчө сасык тумоо менен ооруп сабакка катышуу бир топ эле аз болуп жатты. Бирок COVID-19 илдетине чалдыккандар жок. Пандемия күчөп аралыктан окутуу башталганда кыйынчылыктар болгон. Бирок азыркы абалда аралыктан окутуу кыйынчылык жараткан жок”.
Акылай Жеңишбекова 11-класстын окуучусу сабактардын онлайн болуусу менен убакытты үнөмдөп, жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдыктарды көрүп баштаганын айтат.
“1-чейректи онлайн берип ийгиликтүү жыйынтыктап алдым. Аралыктан окууга өткөндөн соң, убакытты сарамжалдуу пайдалана баштадык. Онлайн окуу бүтүрүүчү класстар үчүн ЖОЖ тапшыруу даярдыгын көрүүгө өбөлгө болуп берди. Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн интернетте атайын даярдалган программаларды, китептерди окуп даярдыкты баштадым”.
Айдана Токтобекова