Учкун айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Ага жергиликтүү кеңештин 20 депутаты катышып, күн тартибинде 5 маселе каралды. Сессия ачык өтүп, катышууну каалаган айыл тургундары үчүн атайын орундуктар даярдалган.
Учкун айылдык кеңешине Куланак айылынан 11, Учкун айылынан 10 депутат шайланган. Кезектеги сессияга жалпы 20 депутат катышып, 1 депутат жүйөөлүү себептер менен катыша албагандыгы айтылды. Күн тартибине төмөндөгү 5 маселе коюлду.
Учкун айылдык кеңешинин 2020-жылдын бюджетиндеги калган акча каражатын бөлүштүрүү. Баяндамачы болуп бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрөгасыныны орун басары Назгүл Жумалиева билдирүү жасады. Аралбаев орто мектебинин жылытуу системасы стим грант аркылуу 2 млн 285 миң сомго бүткөрүлгөн. Бул иштер сметалык наркынан ашык аткарылган. Кошумча курулган жаңы от кананын капиталдык ремонт иштерин бүткөрүүгө дээрлик 205 миң сом, түшүм майрамын өткөрүү боюнча 60 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле Учкун айылындагы таза суу объектисине Жумадил Мүдүновдун наамын берүү жана салтанаттуу өткөрүү үчүн 30 миң сом каралган.
Назгүл Жумалиева бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы
Учкун айыл аймагындагы мекеме жана коомдук уюмдарга ФПСтин ижарага берилген жерлери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул боюнча баяндаманы туруктуу комиссиянын өкүлдөрү Таалакүл Токсобаева, Жылдызбек Мусапов маалыматтарды беришип, анализ жүргүзүлдү. Көпчүлүк жерлердин максаттуу пайдаланып жаткандыгы, андан түшкөн каражаттардын ар бири өз зарылчылыктары жана муктаждыктары боюнча пайдаланып келе жаткандыгы белгиленип, бирок тиешелүү документацияларды өз деңгээлинде жүргүзүү зарылдыгы айтылды. Сессиянын жыйынтыгы менен бул маселерди айыл өкмөтү, жер комиссиясы, жер адиси болуп кайрадан карап чыгып, толук жыйынтык чыгаруу жагы тапшырылды.
Талкуу учуру
Учкун айылындагы таза суу боюнча бүткөрүлгөн резервуар объектисине Жумадил Мүдүновдун атын ыйгаруу маселеси коюлду. Бул үчүн сессиянын катышуучулары Мүдүновдун өмүр баяны менен таанышып, эмгектери каралып чыкты. Андан соң, бардык депутаттардын колдоосу менен наамды ыйгарып берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Сессия ачык өтүп, каалоочулар үчүн орундуктар даярдалган
Учкун айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын курамын толуктоо, төрөгасын бекитүү маселеси каралды. Бюджеттик комиссиянын төрайымы болуп Назгүл Жумалиева, орун басарлыгына Рысбек Үсөнов дайындалды.
Көк бөрү оюну боюнча жаштардын атынан Нурсултан кайрылуу жасады
Учкун айылынын 5 тургунуна «Айылдын ардактуу атуулу» төш белгисин ыйгаруу сунушталды. Пандемияда айылга эмгеги сиңген фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) 3 мүчөсүнө жана таза суу иштерине катышкан 2 тургунга төш белги берүү боюнча сунуштар айтылып, колдоого алынды.
Айзат Түмөнбаева