2021-жылдын март айында республика боюнча жаштар арасында «COVID-19 пандемиясына карата өз тажрыйбаңыз жөнүндө үй-бүлө мүчөсүнө кат жазыңыз» деген темада эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы жарыяланган. Ага Ак-Талаа районунун окуучулары дагы катышып, өз тажрыйбалары, кеп-кеңештерин жакын адамдары менен бөлүшүп, кат жазышкан. Бүткүл Дүйнөлүк почта күнүндө сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Пандемиялык кырдаал жаңы башталган кезде билим берүү мекемелери аралыктан билим берүүгө өтүп, мындай окутуу дээрлик 6 айга созулган. Алгач үйдөн окууга көнгөнү менен кырдаал окуучуларды бир жагынан кооптондурду. Анткени айлан-чөйрөдөгү илдетке байланыштуу окуялар, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык медиаларда байма-бай берилип жаткан маалыматтар үрөй учурарлык болчу. Бирок алар аралыкта туруп бири-бирине кеңеш берип, колдоо көрсөтүп жатышты. Мындан сырткары алар жакындарына илдеттен сактануу боюнча кат жазышты…
«Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн кызматкери Канышай Абышбаеванын айтымында пандемия окуучуларга абдан таасир берди.
«Сынакка байланыштуу келген 300дөн ашык катты окуп чыктык. Алардын бардыгында бала болсо дагы күн сайын болуп жаткан адам өлүмү, ооруга наалат айткандык, жакындары үчүн тынчсыздануу бар эле. Бир белгилей кетчү нерсе ар бир катта окуучунун мектепти, классташтарын сагынганын, бирок илдеттен кутулсак сөзсүз жолугабыз деген ойлор жазылган болчу. Атайын комиссия карап, республикага жөнөттүк. Биздин райондон сынакка жиберилген каттарга акчалай сыйлык, грамоталар келди. Аларды жер-жеринде тапшырып келдик»-деди.
Гүлбү Эсеналиева Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин 8-классынын окуучусу. Балдар билим борборундагы мугалиминен сынак тууралуу угуп, эжесине кат жазууну чечкен. Катында ал илдетти жугузуп алуудан коркуп жатканын жазган:
«Мен эң биринчи ата-энем илдет жугузуп албаса экен деп алар үчүн аябай корктум. Алар тааныган адамдар илдеттен улам кайтыш болуп жатканын угуп андан дагы жаман болдум. Албетте үй-бүлөбүз менен бардык санитардык эрежелерди сактап, үйдөн чыкпадык. Анан сынактын шарты боюнча жакындарына коронавирус тууралуу кат жазуу керек экен. Мен эжеме кат жаздым. Айылдагы абал, оорунун көбөйүшү, ага деле болбой адамдар эрежелерди сактабай коркунуч алып келип жатканын жаздым. Ошондой эле эжемден эч жакка чыкпай үйдөн эле иштеңиз деп өтүндүм. Чынында менин жазган катым жеңүүчүлөрдүн катарында болот деп ойлогон эмесмин. Абдан сүйүндүм. Илдет менен коштолгон бул жылдар менин балалыгымдагы эң оор күндөр болду»,- дейт.
Бул сынактын максаты- жаштардын сабаттуулугун жогорулатуу, чыгармачылык жөндөмдү жана эпиятолярдык жанрды өнүктүрүү. Бул сынак жыл сайын Бүткүл Дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен уюштурулуп келет.
Барчын Мамытбекова