Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде «Көңүл бургула балдар» деген теманын негизинде жол эрежелерин билип алууга арналган атайын иш — чара болуп өттү. Иш- чара Сокулук райондук Билим берүү бөлүмүнүн башкы жетектөөчү адиси Максат Усенбаеванын сунушу менен уюштурулду.
Иш- чаранын негизги максаты:
● Жол кырсыктарын алдын алуу.
● Жолдон жүрүүнүн эрежелерин билип алуу.
● Жолдо жүргөндө этият мамиле кылуу.
Атлган иш-чаранын коноктору болуп Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин директору Гүлазар Муонбаева жана окуу бөлүмүнүн башчысы Айдай Джолчубекова жана мектептин ардагер мугалимдери болду.
«Көңүл бургула балдар» иш-чаранын жүрүшүндө 11-класстарынын окуучулары жол белгилерин тааныштырып өттү. Ар бир адам жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшы билүү керек. Көчөдө басуу кыйын деле эмес бирок чоң көчөлөрдө автомобилдер, автобустар, мотоциклдер ары бери өтүп турат. Ошон үчүн жолдон өтүү эрежелерин жакшы билүү керек. Окуучулар жол белгилерин билип алган соң кезек жолдон өтүү эрежелерин таныштырып көргөзүп берүү үчүн 7-классынын окуучулары чыгып көргөзүп айтып беришти.
«Светофор» аттуу ыры менен 3-класстарынын окуучусу чыгып ырдап окуучулардын маанайын көтөрдү. Ал эми жол чырагы өчүп калган учурда окучуулар эмне кыларын 6-класстын окуучулары көргөзүп айтып окуучулардын эсине салды. Башталгыч класстардын окуучулары да өздөрү жаттап келген жолдон өтүү, жолдо жүрүү эрежелери боюнча ырларын айтып беришти.
Жол эрежелерин билбесе сактабаса эмне болорун 5-класстын окуучулары чакан сценарий менен чагылдырып берди. Анда чоң жолдо жаш балдар топ ойноп атканда машине келип калганын жана балдар кырсыкка учураганын көрсөтүштү. «Соблюдаем ПДД» аттуу бийин 4-класстын окуучулары аткарды. Бул иш- чаранын негизинде окуучулар жол кырсыктарын алдын алууну жана жолдо жүрүүнүн эрежелерин билип алышты.
Аталган иш- чара жогорку даярдыкта өткөндүгү үчүн, көзөмөл кылып уюштурган Аида Карыбековага ыраазычылык айтылды.
Бибинур Мамытбекова 5 — классынын окуучусу:
«Иш — чаранын жүрүшүндө берилген маалыматтардан улам, жолдо жүрүү эрежелери менен толук таанышып жана керектүү, кызыктуу маалымат ала алдым. Сөзсүз түрдө мындан ары алган маалыматтарды жолдо жүргөндө колдонууга аракет кылам».
Акжол Тагаев 6 — классынын окуучусу:
«Жолдо жүрүү эрежеси жөнүндө маалыматтарды класстык сааттарда угуп жүрөбүз жана теледен көрүп жүрөбүз бирок, биз билбеген маалыматтар жана жол белгилери бар экен. Иш — чара мен үчүн пайдалуу болду»,-деп билдирди.
Абдыразак Казакбаев