Жибек Султанова Чуй өрөөнүндөгү Сокулук районунун Асылбаш айылында 2001-жылы мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Жибек Султанова сыйлык алуу аземинде
Жибек 2007- жылы Бейшеналы орто мектебине 1-класска кирип билим ала баштайт. 2018-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, борбор калаадагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетине тапшырган. Азыркы тапта педагогика факультетинин башталгыч билим берүү багытынында бюджеттик негизде 4-курста окуйт.
Жибек Султанова менен маек куруп анын коомдук иштерде жана окуудагы жетишкендиктер жөнүндө маалымат алдык.
«Бала чагымдан эле ар нерсеге кызыгуум артып, мектепке чейин бий жана комуз кружокторуна катыштым. Коомдук иштерде да активдүү болушума ушул кружоктор түздөн-түз оң таасирин тийгизди десем болот. Окуучулук курагымда мектептеги болгон коомдук иштерге активдүү катышып, 8-класстан 10-класска чейин мектеп парламентинде маданият министри болуп, көптөгөн маданий иш-чараларды уюштурдум. Ал эми 11-класста мектеп парламенти мени президент кылып шайлаган. Мектепте жана район тарабынан өткөрүлгөн семинар, тегерек стол, конференцияларга көп катыштым. Бул нерселер мага келечекке мындан ары да шыктануума, келечектен кесип тандоомо чоң өбөлгө түздү десем жаңылышпайм. Студент болгон күндөн тартып университеттин коомдук иштеринен да артта калган жокмун.
2018-жылы өткөн 3 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыштым. Алгач окуу башталган күндөн тартып группага староста болуп дайындалгам. 2-курсумда студенттик парламентинде маданият министри болуп иштеп, студенттер арасында Сармерден оюнун, «Мисстер жана Мисс КМУ» иш-чараларын уюштургам. Бул өткөргөн иш-чараларым университеттин студенттер менен иш алып барган бөлүмүнүн купулуна толуп, мактоо грамоталарын ыйгарышкан. Ал эми 3-курсумда студенттик парламент жана студенттер менен иш алып барган бөлүм студенттик өкмөттүн президентти кылып шайлаган.
Бүгүнкү күндө педагогика факультетинин окумуштуулар кеңешинде мүчө болуп келем. Жана ошондой эле Тамашоу жогорку лигасында ойногон «Your smile» командасынын администратору болуп эмгектенип келем. Жалан гана коомдук иштер менен чектелбестен окууда да ийгиликтерди жаратып, студенттер үчүн берилүүчү стипендияга да татыктуумун.
Ал эми «КМШнын мыкты студенти» болгонума окуудагы, коомдук иштердеги ийгиликтерим, алган сыйлыктарым, жана албетте ата-энемдин берген тарбиясы, мага болгон ишеничи себепчи болду.
Эң алгач жетишкен ийгилигим мен үчүн ата-энемдин ишеничин актоо жана алардын кубанычы. Кийинки сыйлыктарым мектеп курагында эле мектеп тарабынан, Асылбаш айыл өкмөтү тарабынан жана Сокулук районундук Билим берүү бөлүмү тарабынан олимпиадаларда жетишкен ийгиликтерим үчүн дипломдор, коомдук иштерде активдүүлүгүм үчүн ардак грамоталар жана мактоо баракчалары менен сыйлангам.
Мындай сыйлыктарды студенттик күндөрүмдө да алып келем. Ошолордун арасынан эң чоң жетишкендиктерим 3- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жана Билим берүү жана илим министринин ыраазычылык барактары.
Ошондой эле жыл сайын ар бир факультеттен бирден гана студентке берилүүчү Ректордун стипендиясына татыдым. Бүгүнкү күндө алган «КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти» номинациасы болду.
Студенттик күндөр чынында өтө кызык. Лекцияларда уйку келген күндөр, алгачкы күндөрү аудиторияларды таппай убара болгон күндөр, мугалимдерди алмаштырып алган убактар.
Мунун баарын эстесең өтө бир кызыктуу учурлар. Бирок ошолордун арасынан мага өзгөчө эсимде калганы, бир четинен азыр деле эстесем күлкүм келет. Менин боюм группалаштарыма салыштырмалуу кичине да. Бир группалашым бар, бою дагы узун, сүрдүү дагы көрүнгөн да. Окууга жаңы келип жүргөн күндөр болчу, аудиторияга кирип баратып мени менен учурашты. Баягы сүрдүү кызды көрүп коркуп кетип анын жанынан качып, башка жакка туруп алгам.
Журналистикага кызыккандыгыма байланыштуу бош убактымда көбүнчө журналисттик иликтөөлөргө, ар кандай макалаларга кызыгам. Көркөм ырларга көп кызыгам. Хоббим бий, музыка.
Келечекте окуумду ийгиликтүү аяктап, ата-энем сыймыктанган, алардын ишеничин актап, өз кесибимди мыкты билген адис, ыймандуу келин, сүйүктүү жар жана мээримдүү эне болсом деген максаттарым бар», -деп билдирди маектешим.
Абдразак Казакбаев