Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Тунук айылында футбол аянтчасы курулду. Ал 3,5 млн сомго тургузулуп, акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен каралган. Аянтча учурда пайдаланууга берилди.

Тунук айылындагы футбол аянтчасы
Тунук айылында буга чейин футболдук аянтча болгон эмес. Мындан улам балдар коңшу айылдарга барып ойношчу дейт Тунук айыл аймагынын айыл башчысы Авазбек Союзпахтал уулу.

Тунук айылынын айыл башчысы Авазбек Союзпахтал уулу
«Быйылкы жылы биздин айылга кичи футбол аянтчасынын курулушуна айыл өкмөттүн бюджетинен акча каралган. Жалпысынан 3,5 млн сом каражатка курулду. Дагы тегерегиндеги жасала турган бир аз иштери калды. Мамлекет тарабынан дагы спортко жакшы көңүл бурулуп келет. Балдар телефонго алаксыбай убактыларын спортко кетирсе жакшы болот эле деген ойдомун. Спорт менен машыгуу балдардын ден соолугуна бир топ пайда. Эми жаштарыбыздын спорт менен алектенүүсү үчүн айылдарда дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатат. Айылдагы жаштардын арасынан көптөгөн спорттун алдыңкылары чыгып келе жатат. Биз дагы жаштардан үмүт кылабыз»-дейт айыл башчы.
Футбол аянтчасынын курулушу мектеп окуучулары үчүн чоң кубаныч болду. Тунук айылынын Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Нуртилек Казыбеков өз кубанычы менен төмөндөгүдөй бөлүштү.

Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Нуртилек Казыбеков
«Биздин айылда буга чейин футболдук аянтча болгон эмес. Биз мектептин аянтчасында эле ойночубуз. Бул жер курулуп жакшы болду. Таза, караңгыда жарык, топ дагы сыртка чыгып кетпейт. Эми бул аянтчада ойнойбуз. Мен футболго кызыгам. Бош убактыбызда келип ойнойбуз»-деди.
Азиза Тамчиева