Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүндөгү Абдыманап Кыдыршаев көчөсүнүн Булуң жана Чалдовар аймактарында жөө адамдар жүрүүчү жолдор кеңейтилип, тротуар салынды. Ошондой эле бак-дарактар архитектуралык талаптарга ылайык ирээтке келтирилди.
Борбордук көчөлөргө тротуар салуу үчүн курулуш иштерине жергиликтүү тургундар жумушка тартылды. Анда иштеген айыл тургундардын эмгек акысы азык түлүк-түрүндө төлөнүп берилет дейт Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова.
“Борбордук көчөнүн жолдору кеңейтилип, бак-дарактар алынды. Ошондой эле дубалдар көчүрүлүп,анын ордуна 400 метрден көчөнүн эки жагына 800 метрлик тротуар салынды. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кара-Суу айылында борбордук көчөлөрүнүн эки жагына 800 метр аллея салынды. Ага 52 адам жумушка тартылып, эмгек акысына ун, май алышат”.
Ал эми айыл тургуну Гүлзада Сатарова тротуардын салынышы эң ириде балдардын коопсуздугу үчүн маанилүү болчу дейт.
“Мурдагыга караганда жакшы болду. Мисалы, балам кыймылдуу болгондуктан, мектептен тосуп келчүмүн. Аллея салынгандан бери балдарга мурдагыдай сарсанаа болбой калдык. Эртең менен балам сабакка кетип жатканда аллея менен барып кел деп эскертип турам. Көңүлүм ток, эл үчүн да жакшы болуп калды. Айыл өкмөткө рахмат, демилге көтөрүп, бүтүрүп жаткандарына…”
Көчөлөрдү кеңейтүү үчүн курулуш иштеринде иштеген Токтогазы Бөрүбаев айыл үчүн керектүү жумуштар бүткөрүлүп жатат деген оюн ортого салды.
«Айыл үчүн керектүү жумуш бүткөрүлүп жатат. Азыр элге да жакшы, мен үчүн дагы пайда болду. Анткени, жумушсуз үйдө отурчумун. Бул курулуш иштеринде иштеп, үй-бүлөмө бир аз киреше таап алдым».
Анара Мааметова