3-ноябрда Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров бир топ тиешелүү кызматтын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары менен «Турук» көмүр кенинде болду. Анда «Турук-Майнинг», «Кенч-Строй» ишканаларынын тазалоо, казуу, жүктөө иштери менен таанышып чыгышты.
Акимдин тапшырмасы менен райондун аймагынан барган 10 автоунаага көмүр жүктөп берилди. Андан соң 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин көмүр тартуу иштери убактылуу токтотулду. Бул аралыкта Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун автоунаалары кирбейт. Себеби, эки ишкананын тазалоо иштерине тоскоолдуктар болуп жаткандыктан чечим кабыл алынып, Ак-Талаа РИИБ тарабынан пост уюштуруу милдеттендирилди.
Мындан тышкары аким Ж.Жапаров «Саячык» кенинде болду. Аталган кенге дагы 7 күндүк мөөнөт берип андан кийин элге көмүр берүүсүн тапшырды. Ошондой эле бир жуманын ичинде “Турук” көмүр кенинде иш алып барган эки ишканага (Турук-Майнинг, Кенч-Строй) тазалоо иштерин бүтүрүүнү жана элге көмүр отунун үзгүлтүксүз берүүнү тапшырды.
Ал эми көмүр кесимине барган Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев учурда айыл тургундары үчүн 2 тонна гана көмүр тартылганын айтты.
«Жалпы сегиз тонна көмүр керектелет. Дагы алты тонна тартуу керек. Азыр бир жумага жабуу чечими кабыл алынды. Буюрса жакынкы аралыкта көмүр тартылып баштайт. Кар жааса дагы, элди толук камсыз кылабыз. Бул үчүн болгон аракетти жумшап жатабыз. Ошентсе дагы тургундар Кара-Кеченин көмүрүн деле ала берсе болот» дейт айыл өкмөт башчы.
Барчын Мамытбекова