Күз мезгилинин акырыкы айында адатка айлангандай бала бакча, мектептерде «Алтын күз», «Түшүм майрамы», «Күзгү кеч»-деген сыяктуу ар кандай аталыштагы майрам белгиленет. Адатта ар бир окуучу буга майрамдык концерттен сырткары колго бир нерсе жасап келүүлөрү керек. Бул учурда балаңыз сизден жардам сурайт. Андыктан ата-энелер үчүн бир катар идеяларды сунушайбыз. Бала менен жагымдуу убакыт өткөрүү жана ага жакшы ирмем тартулоо үчүн бул эң соонун мүмкүнчүлүк.
Буга окшогон нерселерди жасоого андай деле көп каражат же керектүү буюмдар талап кылынбайт. Кадимки үйдөгү нерселер менен эле жасап коюга мүмкүн. Андыктан мындай майда нерселерге убакыт бөлүүдөн эч аянбаңыз. Балаңыздын бул курагы тез эле өтүп кетерин жана кайра кайтып келбесин эстен чыгарбаңыз. Сиздин көңүл буруу жана үй-бүлөнүн бирге өткөргөн жагымдуу ирмемдери балаңыздын көңүлүндө ар дайым сакталат.
Балар тарбиясы туурасында буларды окууну сунуштайбыз:
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Баланын иммунитетин кантип көтөрүү керек?
Ийгиликтүү баланы тарбиялоодо үй-бүлөдө эмнелерге көңүл буруу керек?
Балага чет тилин кайсы куракта үйрөтүп баштоо керек?
Бала менен сүйлөшүүнүн позитивдүү жолдору
Айгерим Кубатбекова