Учурда күз-кыш айларына мүнөздүү болгон ОРВИ(курч респиратордук вирустук инфекция) көбөйүп жатат. Алардын 60%ын 14 жашка чейинки балдар түзүп, анын ичинде 2-4 жаш курактагылар басымдуулук кылууда. Көпчүлүк жалпысынан окшошуп кеткен сасык тумоо, ОРВИ же ковид-19 кайсынысы экенин айырмалай албай жатышат. Бишкек шаардык санитардык көзөмөлдөө борборунун адиси, эпидемиолог Рыскүл Чыналиева буларды кантип айырмаласа болорун айтып берди.
Курч кармаган жугуштуу инфекциялык оору жалпысынан вирустардын тобуна кирет. Анын ичине ОРВИ, грипп, парагрипп, аденовирус, риновирус жана башка көптөгөн подтиптерден турат. Булардын жалпы белгиси аба менен(жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жугат) таралат.
Оорунун белгилери байкалган учурда өз алдынча даарыланбай дарыгерге кайрылуу керек. Ага кошумча дем алуусу оорлоп же дагы башка белгилер коштолсо тез жардам чакырып ооруканага жатуу сунушталат.
Убагында даарылабай узак убакыт үйдө кармап жатуу ар кандай пневмония, гайморит, менингит, тонзиллит, кулактын сезгенүүсү жана жүрөк, өпкөнүн бузулуусуна алып келүүсү мүмкүн.
Колдун гигиенасы 80% ар кандай ооруларды чакырат. Андыктан колду таза кармоо, таза абада сейилдөө, туура тамактануу, убагында эс алуу, эл көп чогулган жерлерден оолак болуу жана көчөдөн келгенден кийин тамакты чайкоо зарыл.
Бул материалдарды дагы окуңуз:
Баланын иммунитетин кантип көтөрүү керек?
Таза кол өмүрдү сактайт
Балаңыз тез-тезден ооруп жатса ага мээрим жетишпей жатышы мүмкүн
Айгерим Кубатбекова