Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Райхан Салиева 45 жылдан бери сөөлжан менен ишкерлик кылып келет. Агроном органикалык азык-түлүктөрдүн баалуулугуна токтолуп, биогумус өндүрүүнү ар бир үй-бүлө өздөштүрүп алса дейт.

Агроном Райхан Салиева 45 жылдан бери сөөлжан менен ишкерлик кылып келет
— Саламатсызбы. Сөөлжан менен дээрлик 45 жылдан бери иштеп келе жатканыңызды айттыңыз эле. Алгач бул ишмердүүлүгүңүз кантип башталган?
— Сөөлжан менен иштеп келе жатканыма 45 жылдын жүзү болду. Айыл чарбанын отличнигимин. Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдө органикалык азык түлүктөр боюнча уюштурулган фестиваль, жарманке жана форумдардын катышуучусумун. Өзүм агрономия багытында эки жогорку билимдин ээсимин. 1978-жылы окуу жайды бүтүп келип, агрономия багытында кесибим менен иштеп баштагам. Менин максатым адамдарга таза, нукура жер семирткичтер менен элдин тамак-аш продукцияларын өндүрүү.
— Органикага кантип ыктап калдыңыз?
— Бул нерсе менин бала кезимде эле ойлорумда болгон. Мектепте башталгыч класста окуп жүргөндө өсүмдүктөр жана жан-жаныбарларга жакын болдум. Бала кезде эле чоң адамдар менен тамеки, жүгөрү эгип, терип чоңоюп, айыл чарба тармагына абдан жакын болдум. Мектепти аяктаган соң Ферганадан жана Ташкенттен билим алдым. Өзбекстанда айыл чарба тармагына болгон көз-караш абдан жогору. Өзбектер менен 8 жыл бирге билим алып, бул нерсени терең түшүндүм.

Кыргызстанда өткөн органикалык азык-түлүктөрдүн жарманкесинде калифорниялык сөөлжан тууралуу кызыккан адамдарга маалымат берип жаткан учуру
— Кыргызстандагы органикалык азык-түлүктөрдүн өнүгүшүн кандай баалайсыз?
— Кыргызстанда жерге болгон мамиле абдан солгундады. Нормадан ашык химикалык заттар көп колдонулуп, жердеги микроорганизмдер өлүп калды. Ошондуктан, жер бүгүнкү күндө ооруп турат. Түшүм аз бере баштады. Тилекке каршы, жашылча жемиштин кайсы түрү болсун химикалык заттар менен өндүрүлгөн уулу азыктарды жеп жатабыз. Мунун кесепетинен оорулардын эбегейсиз саны, түрү ачыкка чыгып жатат. Экология бузулду. Мунун бардыгы адамзат жер энеге туура мамиле жасабагандыктан чыгып жатат. Азыр бала эненин курсагынан төрөлө электе эле ар түрдүү ооруга чалдыгып, жарыкка келип жатат. Анын себеби, эненин жеген тамак-ашы бүтүндөй химикат болуп жатат. Бир гана адам эмес, мал-жандыктар дагы химикат менен азыктанып жатат. Себеби, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден арылтабыз деп ар түрдүү өсүмдүктөргө уулу заттар берилип жатат.
— Биогумустун артыкчылыгы эмнеде?
— Абдан жакшы суроо. Дүйнө жүзүндө товар алмаштыруудан кийин эле, органикалык жер семирткичтер көлөмдүү орунда турат. Органиканын ордуна химия келе турган болсо, жер жүзү катастрофага кабылаары бышык. Ошондуктан, органика экология жана ден соолукту сактоо принциптери менен артыкчылыкта турат. Органикалык азык түлүктөр менен жашаган өлкөлөрдө адамдардын узак жашоосу 90жашка чейин жетип жатат. Ал эми Орто Азия анын ичинен Кыргызстанда 55-65 жашка чыгып, чыкпай каза болгондор көбөйүүдө. Химиялык заттарды колдонууну тезинен токтотпосо, адамдардын жашоо узактыгы мындан дагы кыскарышы мүмкүн. Мен муну адис катары айтып жатам. Дээрлик 45 жылдан бери калифорниялык кызыл сөөлжан багып иштеп келем. Бул сөөлжандар табигаттагы чириген калдыктарды жеп, өзүнүн организминде кайра биогумусту иштеп чыгарат.

Агроном жана ишкер Райхан Салиева сөөлжандардын органикалык азык-түлүктөрдү өндүрүүдөгү орду жана киреше булагы тууралуу мастер класс, трениндерди да өткөрүп келет
— Сөөлжан таштанды жейт дейт. Бул канчалык чын?
— Күнүмдүк турмушта ар түрдүү таштанды чыгат. Тамак аш даярдоодо картошка, сабиз, пияздын калдыктары болсо, офистеги кагаз, картон, мындан тышкары жүн ж.б нерселерди сөөлжан абдан жакшы дейт. Ал жеп, биогумус чыгарат. Өз ден соолугуна кам көргөн ар бир үй-бүлө сөөлжанды багып, биогумус өндүрүп алса дейт элем. Учурда көп кабаттуу үйлөрдө сөөлжан баккандар бар. Бир күндө 3 маал тамакка колдонулган жашылчалардын кабыктары адатта таштандыга ыргытылат. Анын ордуна ошол эле пияз, сабиздин кабыктарын ящикке салып, сөөлжан багып жатат. Андан чыккан биогумуска помидор, бадыраң, ж.б жашылча жемиштерди, гүлдөрдү өстүрүп жатат.
— Биогумустун пайдалуу гана эмес, кирешелүү булак экени дай айтылып келет…
— Биогумусту жерге салганда өсүмдүктөр минералдык жер семирткичтерге караганда 20-30 эсе түшүмдүүлүктү көп берет. Лабороториялык анализде 100% таза органика жер жемиштер болуп чыгат. Кыргызстанда биогумус менен иштөөгө жакшы шарт бар. Анан калса, сөөлжан тез көбөйөт. Мындан улам, муну менен ишкерлик кылса, кирешелүү булак.
Касиет Кубанычбек кызы